“Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру” сыйлыгы менен сыйлоо жөнүндө

Новости
23-Февраль 2017-ж.
2003
2017-жылдын 24-февралында Хаят мейманканасында Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун, экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, Алмаз Сазбаковдун катышуусу менен Япон эл аралык кызматташуу (JICA) уюмунун колдоосу астында Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру- 2016” улуттук конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

2017-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2017-жылы өткөн жылда экспорт жаатында олуттуу жетишкендиктерге ээ болгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру” улуттук конкурсун өткөрүү тапшырмасы берилген. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине конкурсту уюштуруу жана өткөрүү милдети жүктөлгөн. Бирок бүгүнкү иш-чара JICAнын көмөктөшүүсү аркылуу өтүп конкурсту өткөрүүгө ISR Consult компаниясы тартылды. Алар менен биргеликте автоматташтырылган система жана жеңүүчүлөрдү тандоодогу ачыктыкты камсыз кылуучу жеңүүчүлөрдү тандоонун жана номинацияларды аныктоонун жаңы ыкмалары иштелип чыкты-деп билдирди министрдин орун басары Э. Абакиров.

Анын айтуусу боюнча конкурска катышуу үчүн экспортер -уюмдар анкета толтурууга тийиш болуучу, анын негизинде электрондук система критерийлерге ылайык субъективдүү жана эксперттик пикирлердин кийлигишүүсүз жеңүүчүлөрдү тандады. Ар түрдүү номинациялар үчүн түрдүү критерийлер аныкталып, алар конкурстун жыйынтыгына таасирин тийгизди, аларга, экспорттук потенциал, шайкештик сертификатынын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келүүсү, экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү, региондордогу жумушчу орундардын саны жана башка критерийлер.

Бүгүн залда өз максаттарында пайданы көздөгөн гана уюмдар эмес, өлкөнү жумушчу орундар менен камсыз кылып келе жаткан уюмдар жана продукциянын сапатын жогорулатуу менен өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын жогорулатып жаткан уюмдардын өкүлдөрү олтурат.


Мисалы, ”Бир айыл бир продукция+1” Ыссык – Көл Бренд маркасы менен эл аралык сапат стандартына ылайык жергиликтүү продукцияларды Германияга, Японияга, АКШга экспорттоочу коомдук уюму 1700 жумушчу орун түзө алган.
"Био Фермер" органикалык чарбаны илгерилетүү менен фермерден рынокко чейинки кызмат көрсөтөт. 2008-жылдан тарта ушул убакытка чейин Германияга органикалык пахтаны Турциянын ЕБ стандарты боюнча сертификатын пайдалануу менен жана фейртрейд адилет соодасын пайдалануу менен экспорт жүргүзүп келет.

Куликовский” Кондитердик үйү ЖЧКсы кытай кардарларынын көңүлүн бура алды жана кондитердик азыктарды чыгаруучу жергиликтүү өндүрүүчүлөргө атаандаштык түзө алды. Мындан тышкары, компания Бажы биримдигинин аймагында сертификациядан өттү, ал эми продукциянын жогорку сапаты Халал” эл аралык сертификатын жана ISO 22000 тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык сертификатты тастыктады.

Ошону менен биздин экспортко багытталган өндүрүүчүлөр ийкемдүү боло башташты жана ISO 22000 сертификатын пайдалануу менен өндүрүштү жаңы деңгээлге жогорулатуу менен
эл аралык сапат стандарттарына багыт ала башташты.
Катуу сырлардын кеңири ассортименти менен белгилүү болгон "Ак-Жалга" ЖАК дагы ISO-22000 эл аралык шайкештик стандартынын системасын ишке киргизди. Компания аккредитациялоо жана декларациялоо боюнча ЕАЭБдин стандарттарына ылайык сертификатка ээ жана жыл сайын ата-мекендик продукцияны экспорттоону жогорулатууда.

Дастан” ТУК ААК, «HTI-Group» ЖЧК жана бардык башка компаниялар Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру” улуттук конкурсунун жеңүүчүсү деген наамга ээ болушту.

Сыйлоо аземинин аягында министрдин орун басары А.Сазбаков чет элдик керектөөчүлөргө маалымат берүү максатында дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу конкурстун жеңүүчүлөрү жөнүндө маалыматтарды жана байланышуу даректерин таркатуу максатында 6 миң нускада кыргыз, орус, англис тилдеринде брошюраларды таркатуу каралып жатканын билдирди.
Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру” сыйлыгынын эмблемасы жылын көрсөтүү менен жеңүүчү компаниялар өздөрүнүн жарнамалык максатын
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу