Республиканын экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн планын аткаруунун жүрүшү боюнча

Новости
23-Февраль 2017-ж.
1948
2017-жылдын 24-февралындагы Өкмөттүн жыйынында КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров 2015-2017жылдарга карата КР экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн планынын аткарылуусу жөнүндө маалымат берип жатып, экспорттук потенциалды өнүктүрүү республиканын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигине токтоло кетти. ИДПнын структурасындагы сооданын салыштырма салмагы 2016-жылда ИДПнын 18,4 % түздү.

Ошону менен бирге акыркы жылдары тышкы соода көлөмүнүн өсүү темпи жайлоосу байкалууда жана соода балансынын терс сальдосу сакталууда. Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2016-жылда алдын ала маалыматтар боюнча 5463,7 млн. долларды түзүп 2015-жылга салыштырмалуу 1.4% кыскарган. Экспорттук жеткирүүлөр 5.1 % жогорулап 1544.6 млн. АКШ долларын түзгөн, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө (4,3%) жана Үчүнчү өлкөлөргө(5,3%) жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн жогорулоосу менен шартталды. Алтынды эсепке албаганда товар экспорттоо 4,8% жогорулады жана 843,1 млн. долларды түздү.

Экспорттук жеткирүүлөрдүн өсүүсү 2015-жылга салыштырмалуу алтынды жеткирүүнүн 5.4% руда жана баалуу металлдардын концентраты, күл жана калдык-7,7 эсеге, жашылчалар-36,1%, көмүр-29,2% айнек жана андан жасалган буюмдардын-27,4% жогорулоосу менен шартталган.

Экспорттун товардык структурасынын негизги статьясы болуп учурда баалуу металлдар (алтындар) эсептелет, экспорттун жалпы көлөмүнөн 45.4 % үлүшкө ээ. Айыл чарба жана тамак-аш продукциясы экспорттун жалпы көлөмүнөн 12%, жеңил жана текстиль өнөр жайынын продукциялары 11%, машина куруу продукциялары-11,2% түзөт. Кыргыз экспортунун сырьелук багыты, кайра иштетүү өнөр жайынын өнүкпөгөндүгү анын өнүгүүсүндөгү көйгөйлөрдүн негизгиси болуп саналат.
Экспорттун географиялык багытын караганда Кыргызстан 80-ден ашык жакынкы жана алыскы чет өлкөгө товар сатса, экспорттук рынок түзүүнүн негизги үлүшү бир нече мамлекетке гана туура келет: Швейцария(42%), Казакстан (17,8%), Россия(9%), Өзбекстан(8,1%), Турция(5,8%), Бириккен Араб Эмираттары(2,4%), Кытай(5,2%), Улуу Британия(2,1%). Кыргыз ишканаларынын продукцияларын бул өлкөлөргө сатуу республиканын экспортунун бардык көлөмүнүн 92% түзгөн. Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөшү болуп алтынды эсепке албаганда ЕАЭБ мамлекеттери болуп эсептелет(50% чейин).

Көнүмүш рынокторго багытталуу экспортту өнүктүрүүдөгү дагы бир олуттуу көйгөй болуп эсептелет, улуттук валюталардын курсу, товардык баалар жана регионалдык суроо-талап сыяктуу тышкы шарттардын өзгөрүүсүнүн алдында алсыз абалга алып келет. Кыргызстандын экспортунун өсүүсүн кармап туруучу ички көйгөйлөр болуп: техникалык жөнгө салуу тутумун реформалоонун жай темпи, технологиялык артта калуу, өнүкпөгөн логистикалык инфраструктура жана экспортту начар каржылоо, экспортко багытталган ишканаларды сертификаттоо жана модернизациялоо жол-жоболору.

Бирдиктүү терезе” принцибинин биринчи фазасын ишке киргизгенден кийин арыз берүүгө, электрондук форматта документтерди берүү жана тариздөөгө жол берүүчү, бирдиктүү терезенин маалыматтык тутуму ишке киргизилди (ИСЕО). Документтерди унификациялоо жана маалыматтарды шайкеш келтирүү жүргүзүлдү. Документтерди жана маалыматтарды кайра иштетүү” принцибин ишке киргизүү менен суралып жаткан маалыматтардын саны 129 га чейин кыскарган.

ИСЕО берген электрондук форматтагы документтер бажылык тариздөө үчүн ЕАИС ГТС үчүн жеткиликтүү. Экинчи фазасында бардык тартылган ведомстволордун бизнес процесстерин оптималдаштыруу үчүн 152 сунуш даярдалган. Бирдиктүү терезе системасына тартылган ведомстволордун ишин жөнгө салууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдүн корутунду долбоорлору даярдалды(баары31).

Ошону менен бирге министрдин орун басарынын айтуусу боюнча, ата-мекендик компаниялардын эл аралык жана регионалдык рынокторго кирүү үчүн кыйынчылыктар ата-мекендик продукциянын атаандаштык мүмкүнчүлүгү жана экспорттук продукцияларды өндүрүүчү компаниялардын көпчүлүгүнүн дарамети төмөн болууда, тагыраагы бизнесмендердин тышкы рыноктогу иш жүргүзүүдөгү тажрыйбасы жетишсиз болууда.

Жаралып жаткан көйгөйлөрдүн чечилүү зарылчылыгына көңүл буруу менен, ошондой эле өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- 2017-жылдарга карата экспортун өнүктүрүү боюнча планы бекитилген. Стратегиялык максаттарды эске алуу менен бул план финансы булактарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, сапат инфраструктурасын жакшыртуу жана маалыматтык жеткиликтүүлүк жана экспортту илгерилетүү боюнча иш тармактарында даректүү тапшырмаларды чечүүгө багытталган.

Мамлекеттик колдоого муктаж приоритеттүү секторлорду аныктоо үчүн төрт көрсөткүч боюнча он алты секторго салыштырма анализ жүргүзүлгөн: экспорттун учурдагы абалы; ички сунуштардын абалы, дүйнөлүк рыноктун тенденциясы, сектордун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири. Бул көрсөткүчтөрдү эске алуу менен төмөнкүдөй секторлор тандалып алынды: туризм, текстиль жана тигүү өндүрүшү, эт жана сүт продукциясын өндүрүү, мөмө-жемиш, бөтөлкөгө куюлган суу.

Экспорттун кармалып туруусуна олуттуу таасирин тийгизүүчү себептерден болуп, ЕАЭБдин өнөктөш-мамлекеттерин каптаган экономикалык кризис эсептелет. Россиянын жана Казакстандын улуттук валютасынын кунунун түшүүсү бул өлкөлөрдүн калкынын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөөсү кыргыз товарлары үчүн таасирин тийгизип атаандаштык мүмкүнчүлүгүнө жана баа факторуна таасирин тийгизүүдө.

Министрдин орун басары Э.Абакировдун билдирүүсү боюнча экспорттун өнүгүүсүн кармап турган себептерге ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн соода өнөктөштөрдүн товарлардын сертификациясына байланыштуу, жеткирүүлөрдүн бир калыпта камсыз кыла албагандыгы, ири соода түйүндөрүнүн товарлардын техникалык мүнөздөмөсүнө, таңгакталуусуна болгон талаптарына жооп бере албагандыгы кошумча болууда. Ошого байланыштуу РФ жан РК регионалдык соода түйүндөрүнүн талаптары өтө катаал эместигин эске алуу менен регионалдык кызматташууну өнүктүрүү зарыл.

Кытай рыногуна чыгуу жол-жоболору өтө катаал болгондуктан ал рынокко биздин өндүрүүчүлөрдүн чыгуусу да кыйын болууда (трифтик эмес жана СФС чаралар). 2016-жылдын 13-октябрындагы өткөн КР менен КЭРдин ӨАКтын 12-жыйынынын алкагында КЭРге Кыргыз Республикасынан жеткирилүүчү эт, сүт жана балык продукцияларына карата коюла турган талаптар жөнүндө протоколго кол коюу жана даярдоо жөнүндө келишимге жетишилди. Бул протоколго кол коюу эт, сүт жана балык продукцияларына кытай рыногуна жол ачат.
ЕБ өлкөлөрүнө экспорттоодогу негизги проблемалардын бири сапат боюнча шайкештик талаптарын документалдык тастыктоо болуп саналат.

Экспорттоочулар туш болуп жаткан көйгөйлөрдү эске алуу менен, министрлик тарабынан КРӨнүн 2015- 2017-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча планын актуалдаштыруу боюнча сунуштар иштелип чыгып КРӨнүн 08.02.2017-ж токтому менен бекитилди. Жаңы иш-чараларды ишке ашыруу биздин өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча иштерди натыйжалуу өнүктүрүүгө жол ачат.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу