Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү концепциясы –региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жол картасы

Новости
20-Февраль 2017-ж.
1977
Ушул жылдын 22-февралында өлкөнүн Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы жыйында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан 2017-2021 жылдар аралыгына Кыргыз Республикасынын регионалдык саясатынын концепциясы тааныштырылды.

Регионалдык саясат концепциясынын долбоору региондордун өнүгүү башаты болгон калктуу пункттарды өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программасын даярдоо үчүн базистик конструкцияны түзүү максатында иштелип чыккан.
Концепциянын алкагында базасында өнүгүү борборлору түзүлө турган 20 пилоттук шаар жана калктуу пункттарды бөлүп алуу сунуш кылынууда, аларга-Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата.

Бул долбоорду иштеп чыгуу максатында шаарларда жана республиканын райондорунда жергиликтүү бийлик жана коомдук эксперттердин катышуусунда көчмө жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын региондоруна жасалган көчмө жыйындын натыйжасында ачыкка чыккан негизги көйгөйлөр болуп, финансылык жеткиликтүүлүк, төмөнкү продуктивдүүлүк, товарлардын аздыгы, маалыматтын аздыгы (типтүү бизнес-долбоорлордун жоктугу).
Жогоруда көрсөтүлгөн жумушчу топтун биргелешип иштөөсүнүн натыйжасында сырьелук базаны, жергиликтүү инфрасруктураны, экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен жалпы 46,3 млн.доллар муктаждыгы менен 43 ишкана аныкталды.
150 км радиусту камтыган калктын жыш отурукташуу факторун эсепке алуу менен республиканын региондорунун мал союу цехтерине болгон муктаждыктарын аныктоо боюнча эсептөө жүргүзүлдү. Республика боюнча 45 чакан мал союу цехтерин курууга мүмкүн, ошону менен бирге алгачкы 11 мал союучу цехтин курулушу үчүн орун аныкталды.
Мындан тышкары, соода-логистикалык борборлордун түйүндөрүн өнүктүрүү зарылчылыгын эске алуу менен алдын ала жайгаштыруу территориялары аныкталды.
Жалпысынан аталган жумушчу топ тарабынан региондордо ишканаларды адистештирүүнү өнүктүрүү боюнча бир нече сунуштар иштелип чыкты, аларга:
-жеңүүчү ишканаларды өнүктүрүү.
Бул чараларга жетишүү жана ишке ашыруу үчүн биринчиден- мамлекеттик колдоону өндүрүү ишканаларынын көлөмүн жогорулатууга багыттоо, ошону менен жаңы жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык келип түшүүлөрдү жогорулатууга көмөк берет. Экинчиден- мындай мамиле өндүрүүнүн масштабын кеңейтүүгө жана продукцияны сатууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө чоң жардам берет.
-жеңүүчү ишканалардын тажрыйбаларын пайдалануу.
Бул чараны ишке ашыруу жана жетишүү үчүн, биринчиден, иштеп жаткан жеңүүчү компаниялардын катышуусу менен регионалдык жана республикалык деңгээлдеги ишканаларды түзүүгө мамлекеттик жана жеке колдоону багыттоо. Экинчиден- жаңы компаниянын ишин өнүктүрүү үчүн жеңүүчү компаниялардын тажрыйбалары жана технологиясы колдонулат. (мастер-класстар, окуу турлары)
-агрохолдингдерди түзүү.
Бул чара жаңы «гринфилд» долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттин катышуусу менен башкаруучу компанияны түзүү аркылуу ишке ашырылат.
Регионалдык саясаттын концепциясы бекитилгенден кийин ар бир тандалып алынган шаар жана башка калктуу пункттар үчүн бизнес-пландоо принциптеринде өнүгүү программасы иштелип чыгат.

Шаарларды өнүктүрүү программасынын алкагында ар бир пилоттук шаарда кызмат көрсөтүүчү кеңири спектри менен Калкты тейлөө борборлорун ошондой эле бизнести тейлөө борборлору жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана деңгээлин жогорулатуучу бир нече объекттерди түзүү пландаштырылууда.


Облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине региондорду өнүктүрүүнүн айрым программаларын мындан ары даярдоону жеке көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу