“Кепилдик фонду” ААК ишин регионалдык деңгээлде кеңейтүү жөнүндө

Новости
20-Февраль 2017-ж.
1984
Ушул жылдын 21-февралында Кепилдик фонду” жана МЖӨ аркылуу бизнестин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө” пресс-конференциянын жүрүшүндө экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирүү жасады.
Анын айтуусу боюнча, 2011-жылдан баштап республикада кепилдик берүүнүн жаңы финансылык системасы-кепилдик фонду түзүлө баштады.

Кепилдик фондунун максаты инфраструктура түзүүчү чакан жана орто ишкер субъекттер жана уюмдар үчүн орто жана чакан ишкер субъекттер үчүн бизнесин өнүктүрүү үчүн насыялык жана башка финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн кепилдик жана кепилдик берүү жана башка насыялык келишимдерге негизделген милдеттенмелерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү болуп саналат.

Баштапкы этаптарында Кыргыз Республикасында регионалдык деңгээлде 4 пилоттук кепилдик фонду түзүлгөн, бул, Кара-Балта жана Жалал-Абад, андан кийин Каракол, Кара-Суу районунун Сарай айылында жогоруда талган шаарлардын мэриялары менен Сарай айыл өкмөтү уюштуруучулары болуу менен ачылган. Андан ары Ош шаары менен Кант шаарында ачылып кепилдик фонддорунун саны 6 га жетти.

Ошону менен бирге, 2013-жылы КР кепилдик фонддорунун ишинин туруктуу укуктук базасын камсыз кылуучу КР Гарантиялык фонддору жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Иштеген 5 жыл аралыгында кепилдик фонддору банк системасы менен кызматташуу менен 400 дөн ашык ишкерлерге колдоо көрсөтүү менен 35 миллион сом кепилдик менен камсыз кылуу аркылуу банктар 170 миллион сомдон ашык суммадагы насыя менен камсыз болду. Кепилдик алган ишкерлердин алган акчасы 600 млн. сомду түзгөн, 332 бирдиктеги жаңы жумушчу орундар түзүлүп, 887 бирдиктеги жумушчу орундарга колдоо көрсөтүлдү. Регионалдык кепилдик фонддорунун кепилдиктеринин кайтарымдуулугу 2015-жылдын 31-декабрына карата 100% түзүп жергиликтүү бюджетке келип түшкөн салыктар 5 млн. сомду түздү. Регионалдык кепилдик фонддордун иштеринин көрсөтүлгөн натыйжалары Кепилдик фонду” ААК түзүү аркылуу чакан жана орто бизнести масштабдуу колдоо көрсөтүүгө жол ачууда.

Кепилдик фонду” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы буйругу менен түзүлгөн, капиталы 72 млн. сомду түзүп, каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Азия өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу астында (Инвестициялык климатты жакшыртуу- подпрограмма-2”) 3 млн. АКШ доллары суммасындагы капитал кошумча жөнөтүлгөн. Натыйжада Кепилдик фонду” ААКтын бүгүнкү күндөгү капиталы 280 млн. сомду түздү. ( 4 млн АКШ долларынын эквивалентинде).

Бүгүнкү күндө экономика министрлиги чакан жана орто бизнес субъекттерине кепилдик берүүнү жогорулатуу үчүн Кепилдик фонду” ААКтын капиталын жогорулатуунун үстүндө иш алып барышууда, ошондой эле Кепилдик фонду” ААКтын ишин регионалдык деңгээлде жогорулатуунун үстүндө иш алып барышууда-деп билдирди Данияр Иманалиев.






Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу