МЖӨ- республикадагы жеке секторго инвестиция тартуудагы жаңы инструмент

Новости
20-Февраль 2017-ж.
1909
Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Өкмөттүн Кыргыз Республикасындагы МЖӨ мамлекетти-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча пресс-конференциянын жүрүшүндө билдирди.

МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу механизми экономиканын кеңири спектрин камтуусу мүмкүн, ири инфраструктуралык долбоорлордон тарта (заманбап аэропорттор менен темир жолдорду куруу) мектептерди, ооруканаларды оңдоп түзөтүү, турак-жай коммуналдык маселелерди чечүү сыяктуу кичине долбоорлорго чейин өз ичине камтыйт.
Экономика министрлиги Кыргыз Республикасында МЖӨ нүн өнүгүүсүнө өзгөчө маани берет. МЖӨ долбоорлорунун негизинде тартылган жеке инвестициялар инфраструктуралык чөйрөдөгү олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу инструмент боло алат.


МЖӨ механизмин пайдалануунун оң натыйжалары дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик ресурстардын чектелүү же каатчылык шартында инфраструктуралык объекттерди кармоо, жаңылоо, эксплуатациялоо үчүн финансылык база менен камсыз кылууда натыйжалуу инструмент болууда. Акыркы жыйырма жылда МЖӨ өнүккөн Европада 280 млрд. Евро капиталдан ашык МЖӨ долбоорлоруна кол коюлган.

Министрдин орун басарынын сөзү боюнча бүгүнкү күндө долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эл аралык тажрыйбанын бардык талаптарына жооп берүүчү ченемдик-укуктук база бар. Ошону менен бирге келечекте МЖӨнүн мыйзамдык базасына заманбап экономиканын талаптарына ылайык оңдоп түзөтүүлөр киргизилет.

МЖӨнү натыйжалуу ишке киргизүү максатында КР экономика министрлиги МЖӨ боюнча ыйгарым укуктуу орган катары, тобокелдиктерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле долбоор жөнүндө идея башталгандан тарта аларды даярдоо ишке ашырууга чейин колдоо көрсөтүп көмөктөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктен турган институционалдык база түзүлгөн.

Чектелүү ресурстар менен мамлекеттик органдардын МЖӨ боюнча тажрыйбаларынын жетишсиздиги аларды МЖӨ долбоорлорун каржылоого жол бербейт. Ушуга байланыштуу, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин демилгеси менен Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу астында 4,0 млн. АКШ доллар уставдык фонду менен Финансылоо фонду түзүлгөн. 2016-жылы бул фонддон долбоордон ТЭН каржылоого 27,6 млн. сом бөлүнгөн Ал эми 2017-жылы 145,0 млн. сом каражат пайдалануу пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жагымдуу чөйрө жетиштүү экендигине карабастан, мамлекеттик органдар тараптан МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу аз кызыгуу жаратууда, ага себеп болуп тажрыйбанын жоктугу болууда.

Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн комплекстүү мамиле жасоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылда 2016-2021 жылдар аралыгына МЖӨнү өнүктүрүү программасы бекитилген. Бул программанын негизги милдеттери болуп МЖӨ долбоорунун реестрин кеңейтүү, МЖӨ долбоору чөйрөсүндө сертификатталган эксперттерди даярдоо, МЖӨ маселелери боюнча түрдүү маалыматтык-түшүндүрүү компанияларын өткөрүү.

Белгилей кетүүчү нерсе, МЖӨ бул региондогу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуунун перспективдүү механизми болуп эсептелет. Учурда региондорду өнүктүрүү өкмөттүн ишинин приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет, МЖӨнү активдүү колдонуу актуалдуу маселе болуп эсептелет.

10-февралда министрликте өлкөнүн Премьер-министринин катышуусунда регионалдык бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, шаар мэрлеринин, министрлердин катышуусунда МЖӨ боюнча семинар өткөрүлдү. Жакынкы учурларда ушундай эле семинар республиканын түштүк облустарында өткөрүү пландаштырылууда.

Э.Абакировдун сөзү боюнча МЖӨ долбоорлорун натыйжалуу пайдалануу боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды пайдалануу максатында жана МЖӨ чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын максималдуу колдонуу үчүн долбоорлорду ишке ашырууну колдоого ресурстары болгон эл аралык финансылык институттар менен кызматташуу жүрүүдө. Ошол эле мезгилде мамлекеттик органдар үчүн алардын демилгелерин илгерилетүү жана ишке ашырууда кызматташуу үчүн аракети жана коолоосу болуусу керек.
Кызматташуунун пассивдүү жана керектөөчү форматынан активдүү жана инвесторлор менен кызматташуучу инвестициялык кызматташууга өтүү зарыл. Бул эл аралык аренадагы чет элдик капитал үчүн өсүп жаткан атаандаштык шарттарынын талаптары. Бул бардык мамлекеттик органдар үчүн милдет болуп эсептелет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу