Экономика министрлигинде Мекен коргоочулардын майрамын утурлай салтанаттуу концерт болуп өттү

Новости
19-Февраль 2017-ж.
1833
Бүгүн, 2017-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин Чоң залында Мекен коргоочулардын майрамына арналган майрамдык концерт болуп өттү. Бишкек шаарынын №1 азиз жана угуусу жана көрүүсү начар балдар үчүн мектеп-интернатынын балдары чыгармачылык номерлерин тартуулашты.

Бул салтанаттуу күндө биз аскер формасын кийген бийик сыйлыктардын ээси болгон ардагерлерибизден жаштарга чейин Мекен коргоочу деген бийик наамга ээ болгон бийик инсандардын жеңишин майрамдайбыз.

Куттуктоо сөзү менен министрдин орун басары Данияр Иманалиев сүйлөп, өз сөзүндө, концерттик программасы үчүн чыгармачылык коллективге ыраазычылыгын билдирди, ошону менен бирге жалпы мекен коргоочулардын майрамы менен куттуктап өттү. Ошону менен бирге мектеп –интернаттын көркөм жамаатына ийгиликтерди каалоо менен аларды өз көздөгөн максаттарына жетүү үчүн күчтүү, тайманбас, эр жүрөк ошону менен бирге кайраттуу болууга чакырды.

Ошондой эле министрликтин коллективинин атынын республикалык мектеп-интернаттын балдарына баалуу белектер берилди.
Бул иш-чаранын уюштуруучусу Экономика министрлигинин профсоюз комитетинин төрайымы Клара Байтикова ушундай эле майрамдык концерттер 8-март эл аралык аялдар күнүнө жана Ноорузга карата да өткөрүлө тургандыгын белгилей кетти, ошону менен бирге мындай иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомдук, социалдык-экономикалык, маданий иш чараларга катышуусу менен алардын коомдогу абалын жакшыртуу максатында уюштурулууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу