Кызматташуу боюнча биргелешкен Кыргыз-сауд комитетинин биринчи жыйыны Эр -Рияд шаарында болот

Новости
14-Март 2017-ж.
2071
2017-жылдын 14-15 мартында Эр -Рияд шаарында Кызматташуу боюнча биргелешкен Кыргыз-сауд комитетинин биринчи жыйыны болот.

Комитеттин кыргыз тарабын Кыргыз Республикасынын жолдор жана транспорт министри Ж.Калилов, Сауд тарабын- Сауд Аравиясынын Суу ресурстары жана айыл чарба, курчап турган чөйрө министри Абдулрахман А.Альфадли жетектейт.

Тараптар бир нече жолугушууларды өткөрүп соода, инвестиция, өнөр-жай, айыл-чарба, финансы, долбоорлорду ишке ашыруу, энергетика, тоо иштери, авиация, банк иштери, билим берүү, маданият, туризм, жумушка орноштуруу, пенсия системасы, саламаттык сактоо, спорт жана башка өз ара кызыкчылыктарды талкуулашат.

КР экономика министрлиги өкмөт аралык соода-экономикалык комиссиялардын катчылыгынын милдетин аткарат.






Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу