Министр А.Кожошев Катардын Премьер-министри менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын жиберген саламдашуу сөзүн берди

Новости
13-Март 2017-ж.
1966
14 марта 2017 года в г. Доха министр экономики Кыргызской Республики Арзыбек Кожошев был принят Премьер-министром – министром внутренних дел Государства Катар шейхом Абдуллой бин Нассером бин Халифой Аль-Тани.

2017-жылдын 14-мартында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын экономика министри Катар мамлекетинин Премьер-министри –ички иштер министри шейх Абдуллабин Нассер бин ХалифаАль-Танинин кабыл алуусунда болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Кожошев КР Премьер -министри С.Жээнбековдун салам дубайын айтып жатып, мамлекеттин бакубаттуулугун жана гүлдөп өсүүсүнө тилектеш экендигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Катар мамлекети менен ар тараптуу мамилелерин тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирүү менен Доха шаарында боло турган кыргыз –катар экономикалык, соода жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын биринчи жыйыны жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Катар мамлекетинин Премьер-министри Абдулла бин Нассер бин Халифа Аль-Тани кыргыз-катар эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүнүн маанилүү экендигин белгилей кетти, ошондой эле өкмөт аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү колдоп эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө боюнча көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу