“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы экинчи окуудан кийин жактырылды

Новости
01-Март 2017-ж.
1889
2017-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан экинчи окуудан кийин Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.
Бул мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу алкагында ишкер чөйрө үчүн тоскоолдуктарды алып салуу жана ашыкча талаптарды жана кайталанган ченемдерди алып салуу үчүн иштелип чыккан.
Бул мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылат:


- 2008-жылдын 4-августундагы Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” КР Мыйзамы;
Аталган Мыйзамдын 1-беренесинде ”Илимий максаттарда, балык корлорун кайра өндүрүп чыгаруу, балык кармоону жана атайын тордолгон орундарда өстүрүлгөн балыктарды кармоону кошпогондо, балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн, анын ичинде алардан иштелип чыккан балык продукциясын жана икраны кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана Кыргыз Республикасынан алып чыгууга 5 жылдык мөөнөткө тыюу салынат” делет, башкача айтканда 2013-жылдын августуна чейин. Чектөө киргизүүнү колдонуу мөөнөтү аягына чыккандыктан күчүн жоготту деп таанылат.

-2009-жылдын 3-мартындагы "Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу;
Бул мыйзам жогоруда аталган мыйзам күчүн жоготкондугуна байланыштуу күчүн жоготту деп таанылат.

-2009-жылдын 27-июлундагыМүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө” КР Мыйзамы
КР мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мүлктү легалдаштыруу мөөнөтү болуп 2009-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейинки убакыт алынат. Бул мыйзам боюнча бир дагы легалдаштыруу жүргүзүлгөн жок, бул мыйзам боюнча мүлктү легалдаштыруу мөөнөтү аягына чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу