Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция агенттиги менен Tokyo Rope. Mfg. Co. Ltd. Ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
01-Март 2017-ж.
2082
2017-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Арзыбек Кожошев «Tokyo Rope MFG Co. Ltd» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шигеру Танака жетекчилик кылган япон делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Экономика министри Шигеру Танакаго Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду ишке ашырылгандыгына кызыккандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Япония бир нече жылдан бери Кыргызстан үчүн бирден бир негизги соода жана инвестициялык өнөктөш болуп келе жаткандыгына жана мындан ары да боло бере тургандыгына токтоло кетти.

Эки өлкөнүн бизнес- структураларынын ортосундагы жана эксперттик кызматташуу деңгээлинде жана эң жогорку деңгээлде кыргыз- япон кызматташуусунун өнүгүүсүнүн оң динамикасы жөнүндө маалымат берди. Өкмөт аралык кызматташууну пландуу түрдө өстүрүү үчүн негиз болуучу.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 2013-жылы Японияга болгон, Япониянын Премьер-министри С.Абенин Кыргызстанга 2015-жылы жасаган расмий иш сапарынын маанисине өзгөчө көңүл бурду.
Жогорку сапаттуу инфраструктура боюнча Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги менен бирге өткөргөн кыргыз-япон форумун ийгиликтүү өтүшүн белгилей кетти, анын жыйынтыгы менен бир нече япон компаниялары айрым инфраструктуралык долбоорлорго кызыгуусун билдиришкен.
Министрдин сөзү боюнча Кыргызстандагы Япониянын жардамы менен ишке ашырылып жаткан транспорттук инфраструктураны калыбына келтирүү жана оңдоп түзөтүү боюнча долбоорлор жогорку сапаты жана натыйжалуулугу менен айырмаланат. Акыркы жылдары бүткөрүлгөн объекттердин ичинен Көк-Арт дарыясындагы көпүрөнүн жана Ош-Баткен-Исфана авто жолдорунун айрым участокторун оңдоп түзөтүү жана калыбына келтирүүнү бөлүп көрсөтүүгө болот.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан административдик тоскоолдуктарды азайтуу, коррупциялык элементтерди кыскартуу жана чет элдик инвестордун келип кирүүсүн жеңилдетүү боюнча ири иштер жасалууда. Өлкөдө Борбордук Азия регионундагы эң либералдуу салыктык жана бажылык мыйзамдар иштейт.

Экономика министрлиги Токио роуп” компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө олуттуу маани берет жана коргонуу жана башка башка тармактарда алдыңкы япон технологиясын колдонуу үчүн жогорку бекемдиктеги болот асма аркандарды жана түйүндөрдү чыгаруу боюнча заводдун ачылышына олуттуу маани берет. Кыргызстандын рыногунда жогорку технологиялуу болот асма аркандарды өндүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин катышуусу, кошумча импульс берүү менен чет элдик инвестициялардын келүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Сөзүнүн аягында министр А.Кожошев инвестицияларды илгерилетүү боюнча жана чет элдик инвестициялардын келүүсүн активдештирүү боюнча даректүү иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттик ачылганын билдирди. Ошону менен бирге биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн бардык жактан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде япон компаниясынын төрагасы бул өндүрүштү инвестициялоо маселелерин талкуулоо максатындагы Кыргыз Республикасына жасалган биринчи иш сапары экендигин билдирди.
Биргелешип иштөөнүн келечеги жөнүндө айтып жатып, Ш.Танака, «Tokyo Rope MFG. Co., Ltd.» компаниясы Кыргыз Республикасынын тоо жана шаар инфраструктурасынын инженердик коопсуздугу боюнча жогорку сапаттуу иштерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экендигине токтолду. Бул компания өндүргөн продукция дүйнөдөгү эң мыкты сапаты менен айырмаланып алдыңкы өлкөлөр менен компаниялардын кеңири суроо талабына ээ.

Кыргызстан үчүн «Tokyo Rope MFG. Co., Ltd.» аткарган аскаларды бекемдөө, селден коргоочу курулмаларды куруу боюнча иштер актуалдуу болуп эсептелет. Бул компания учурда Кыргыз Республикасынын территориясында көчкүдөн, селден, кар көчкүсүнөн, жер көчкүдөн, таш кулоодон коргоочу курулмаларды куруу боюнча завод ачууга кызыкдар болууда. Мындай завод бир гана Кыргызстан эмес Тажикстан, Өзбекстан жана Афганистандын жол куруу тармагындагы суроо талаптарын канааттандырмак.
Ошондой эле Ш.Танака эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн түз таасир берүүчү узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыра тургандыгына ишеним артты.
Андан ары, Инвестиция агенттиги менен «TokyoRopeMfg. Co. Ltd»япон компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Меморандумга Инвестиция агенттигинин директору Орозбек Алымбеков менен Тokyo Rope Mfg. Co. Ltd. компаниясынын биринчи вице-президенти Казунори Сато кол коюшту.
Бул Меморандумдун максаты инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүү жана өнөктөштүк мамилелерди куруу болуп эсептелет.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу