Министр А. Кожошев Исламабад шаарында өтүүчү Экономикалык кызматташуу уюмунун саммитине катышат

Новости
28-Февраль 2017-ж.
2014
2017-жылдын 1-мартында Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз делегациясынын катышуусу менен Исламабад шаарында экономикалык кызматташуу уюмунун 13-саммити болот.

Саммит приоритеттүү тармакта регионалдык кызматташууну активдештирүүгө, ошондой эле экономиканы өнүктүрүү боюнча милдеттерди чечүү үчүн регионалдык экономикалык процессти тездетүү жана ага мүчө-мамлекеттердин тышкы соода байланыштарын кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле Саммиттин жүрүшүндө экономика, билим берүү жана технология, айыл чарбасы жана экология жааттарында сыйлык берүү аземи өтүүсү пландаштырылууда.

Экономикалык кызматташуу уюму 1985-жылы Иран Ислам Республикасы, Турция Республикасы, Пакистан Ислам Республикасынын уюштуруусу менен түзүлгөн, кыргыз Республикасы бул уюмга 1992-жылы Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирге кошулган.

ЭКУнун негизги милдеттери болуп, экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, региондогу мамлекеттердин дүйнөлүк чарба мамилелерине регион ичиндеги экономикалык кызматташууну жөнгө салуу жолу менен дүйнөлүк системага этап менен ырааттуу түрдө интеграциялануусу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн түрдүү аспекттери боюнча өз ара жардам берүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу