Республиканын экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн планын аткарылышынын жүрүшү тууралуу

Новости
23-Февраль 2017-ж.
1964

""Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн экспорттук потенциалды өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. 2016-жылы ИДПнын түзүмүндөгү сооданын салыштырма салмагы ИДПнын 18,4%ын түздү.

Ошону менен, соңку жылдары тышкы соода көлөмүнүн өсүш темпинин төмөндөгөнү байкалууда жана соода балансынын терс сальдосу сакталып калууда. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү алдын-ала маалыматтар боюнча 5463,7 млн. долларды түздү жана 2015-жылга салыштырганда 1,4%га кыскарды. Экспорттук жеткирүүлөр 5,1%га көбөйүп, 1544,6 млн. АКШ долларын түздү, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө (4,3%га), ошондой эле Үчүнчү өлкөлөргө (5,3%га) жеткирүүлөрдүн көлөмү көбөйгөнү менен шартталды. Алтынды эске албаганда, товарлардын экспорту 4,8%га көбөйүү менен 843,1 млн. долларды түздү.

2015-жылга салыштырганда экспорттук жеткирүүлөрдүн өсүшү алтынды жеткирүү- 5,4%га, руданы жана баалуу металлдардын концентраттарын- 7,7 эсеге, жер-жемиштерди- 36,1%га, көмүрдү- 29,2%га, айнек жана андан жасалган буюмдарды- 27,4 %га жогорулашы менен шартталды.

Азыркы учурда, экспорттун товардык түзүмүндө баалу металлдар (алтын) негизги болуп саналат, экспорттун жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшү 45,4%га жакынды түзөт. Экспорттун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана тамак-аш продукцияларынын үлүшү 12%дан көп болсо, текстиль жана жеңил өнөр жайыныкы – 11%, машина куруу продукциялары – 11,2%.

Товар жүгүртүү түзүмүндө экспорттун үлүшү 28,3%ды түздү (2015-жылы 29,2%). Ошону менен, соода балансынын терс сальдосу 8,7%га азайганы байкалды (2015-жылы 2599,3 млн. долларга карата – 2374,5 млн. доллар).

Кыргыз экспортунун сырьёлук багыты, кайра иштетүү өнөр жайынын өнүкпөгөнү экспортту өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү болуп саналат.

Эгерде, экспорттун географиялык багыттарын карасак, Кыргызстандын жеткирүүлөрү 80ден ашык алыскы жана жакынкы чет өлкөгө барарына карабастан, экспорттук рынокторду түзүүдө негизги үлүштү төмөнкү өлкөлөр түзөт: Швейцария (42%), Казакстан (17,8%), Россия (9%), Өзбекстан (8,1%), Турция (5,8%), Бириккен Араб Эмираты (2,4%), Кытай (5,2%), Улуу Британия (2,1%). Кыргыз ишканаларынын продукцияларын бул өлкөлөргө жеткирүү республиканын экспортунун жалпы көлөмүнүн 92%дан көбүн түзөт. Алтынды кошпогондо, экспорттун көлөмүндөгү Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөшү болуп ЕАЭБ өлкөлөрү саналат (50%га жакыны).

Салттуу рынокко багытталганыбыз да экспортту өнүктүрүүнүн олутту көйгөйлөрүнүн бири болуп эсептелет, ал улуттук валютанын курсу, товардын баасы жана региондук суроо-талап сыяктуу тышкы шарттардын өзгөрүшүндө аны артка тартат.

Кыргызстанда экспорттун өсүшүн төмөндөткөн негизги ички көйгөйлөр: техникалык жөнгө салуу системасын реформалоо темпинин жай жүрүшү, технологиялык жактан артта калуу, өнүкпөгөн логистикалык инфратүзүм жана экспортту жетишсиз каржылоо, сертификациялоо жол-жоболору жана экспортко багытталган ишканаларды модернизациялоо.

Бирдиктүү терезе” принцибинин биринчи фазасы ишке киргенден кийин бирдиктүү терезенин маалыматтык системасы (ИСЕО) ишке киргизилди, ал электрондук түрдө арыздарды тапшырууга, документтерди тариздөөгө жана берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документтер жана маалыматтар бир түргө келтирилди. Документтерди жана маалыматтарды кайра пайдалануу” принцибин жайылтуу менен, суралган маалыматтардын саны 129га кыскарды.

Бирдиктүү терезе маалыматтык системасы тарабынан электрондук форматта берилген документтер бажылык тариздөө үчүн Мамлекеттик бажы кызматына ачык болот. Экинчи фазасында бардык тартылган ведомстволордо бизнес процесстерин оптималдаштыруу боюнча 152 сунуштама даярдалды. Бирдиктүү терезе системасына тартылган ведомстволордун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды (бардыгы 31) өзгөртүүлөрдүн акыркы долбоорлору даярдалды.

Ошону менен белгилей кетчү нерсе, ата мекендик компаниялардын эл аралык жана региондук рынокторго кирүүдөгү кыйынчылыктары ата мекендик продукциялардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүндөгү көйгөйлөр жана экспорттук продукцияларды өндүрүүчү – компаниялардын көпчүлүгүнүн потенциалынын төмөн болушу, атап айтканда биздин бизнесмендерге тышкы рыноктордо бизнес ишин жүргүзүү боюнча билимдин жетишсиздиги менен шартталат.

Мындай көйгөйлөрдү чечүү зарыл экенин эске алып, ошондой эле өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылдын 31-мартында 2015-2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планы бекитилген.

Стратегиялык максаттарды эске алсак, аталган План финансылык ресурстарга жетүү, соода жол-жоболорун жеңилдетүү, сапат инфратүзүмүн өнүктүрүү, соода маалыматына жетүү жана экспортту илгерилетүү милдеттерди чечүүгө багытталган.

Мамлекеттик колдоого муктаж болгон артыкчылыктуу секторлорду аныктоо үчүн төрт көрсөткүч боюнча болгон он алты секторго салыштырмалуу талдоо жүргүзүлгөн: 1) экспорттун учурдагы абалы; 2) ички сунуштардын шарттары; 3) дүйнөлүк рыноктун тенденциясы; 4) сектордун өлкөнүн социалдык – экономикалык өнүгүшүнө тийгизген таасири.

Мындай көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, төмөнкүдөй секторлор тандалып алды: туризм, текстиль жана тигүү буюмдары, эт жана сүт азыктары, жер жемиш жана мөмө жемиш, бөтөлкөгө куюлган суулар.

Планга ылайык ишке ашырылган негизги иш-чараларга токтоло кетейин.

Соода маалыматына жетүү жана экспортту илгерилетүү” багытынын алкагында:

Эң мыкты компанияны табуу боюнча экспортёрлор арасында иштерди жүргүзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын мыкты экспортёру” Улуттук конкурска катыштыруу. Чет өлкөлүк керектөөчүлөргө маалымат берүү максатында чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу маалыматтар жана Конкурстун жеңүүчүлөрү менен байланыш маалыматтар камтылган, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги 6 миң нуска китепчелер аркылуу жайылтуу каралууда. Кыргыз Республикасынын мыкты экспортёру” премиясынын эмблемасы ыйгарылат (жылын көрсөтүү менен экспорттолгон продукциянын маркалоо логотиби), жеңүүчүлөр аны жарнамалык максаттарда колдоно алышат.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Сооданы колдоо институттарынын потенциалы жогорулады, 50дөн ашык кызматкер соода маалыматтарын жыйноо, талдоо жана берүү боюнча квалификациясын жогорулатуу окуусунан өтүштү.

Экспортту илгерилетүүдө мамлекет менен жеке сектордун ортосунда өнөктөштүк мамиле түзүлдү. Экономика министрлиги менен бизнес – коомчулуктун ортосунда экспортту илгерилетүү маселеси боюнча өз ара аракеттешүү жөнүндө 11 меморандумга жана чет өлкөлөрдүн сооданы илгерилетүү органдары менен кызматташуу жөнүндө 10 меморандумга жана макулдашууларга кол коюлду.

Өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен 150дөн ашык жолугушуу өткөрүлдү, анын ичинде экспортёрлор топтору менен күн сайын жолугушуулар, өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жеке жолугушуулар өткөрүлөт.

Компанияларга көптөгөн адистештирилген көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде катышуусун уюштурууда жана катышуусуна, жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөлүк рынокторго илгерилетүүдө көмөк көрсөтүлдү.

«Шыр байланыш» кызматы (CALL-борбор 1220) жана ЕАЭБ маселелери боюнча маалыматтык маалымдама порталы түзүлгөн жана иштеп жатат.

2020-жылга чейинки Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди. Туристтик «KYRGYZSTAN SO MUCH TO DISCOVERY» бренди жана www.discoverkyrgyzstan.org. домени менен Кыргызстандын маалыматтык порталы иштелип чыкты. Портал алты тилде жазылган Кыргызстандын Туристтик сектору жөнүндө кеңири маалыматты камтыйт. Азыркы учурда бул сайттын мобилдик тиркемеси иштелип чыгууда.

«Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» багытынын алкагында:

Европа Союзунун рынокторуна жеткиликтүүлүктүн жеңилдетүү үчүн ВСП+ пайдалануучунун статусун алуу боюнча иш жүргүзүлдү. 2016-жылдын 27-январынан тартып экспортёрлор кыргыз товарларын ЕСке алымсыз ташып өтүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Онлайн режиминде күрөөнү каттоо системасын киргизүүнү караштырган мыйзам кабыл алынды.

Чакан жана орто бизнести масштабдуу колдоо максатында Кепилдик фонду” ААК түзүлдү Кепилдик фонддорду өнүктүрүү концепциясы бекитилди. 2016-жылдын 1-январынан баштап сатыктан салыкты жокко чыгаруу стимул берүүчү чара болду.

-2016-жылы экспорттук жеткирүүлөр боюнча 343,5 млн. сом өлчөмүндө кошумча наркка салыктын ашып кеткен суммасы кайтарылды, анын ичинде 4 кварталда- 65,3 млн. сом.

Ошондой эле, белгилеп кетчү нерсе, импорт сыяктуу эле экспорттун да көлөмүнүн көрсөткүчүнүн төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири ЕАЭБ өлкөлөрүнө/ өлкөлөрүнөн товарлардын, айрыкча керектөө товарларынын импортун/ экспортун толук эмес көлөмдө эсепке алуу болуп жатат. Азыркы учурда, Экономика министрлиги Улуттук статистика комитети менен биргеликте статистикалык маалыматтарды тактоо боюнча иштерди алып барууда.

Экспортту камсыздандырууну жана кредиттөөнү кошо алганда, экспортко багытталган ишканаларды финансылык колдоо механизмин киргизүү зарыл.

Экспортёрлор туш болгон көйгөйлөрдү эске алуу менен, министрлик тарабынан, 2015-2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча КРӨ Планын актуалдаштыруу боюнча сунуштар иштеп чыкты, алар КРӨ 2017-жылдын 8-февралындагы токтому менен бекитилди.

Жаңы иш-чараларды ишке ашыруу биздин өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча ишти улантууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу