Министр А. Кожошев 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын социалдык экономикалык өнүгүү тууралуу

Новости
29-Январь 2017-ж.
2183
Сиздердин карооңуздарга республиканын экономикасынын өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы жыйынтыгы, көйгөйлөр менен кошо 2017-жылга бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнүн негизги милдеттери сунушталат.
2016-жылдын башынан эле өлкөнүн экономикасынын өсүүсүндө бир топ кыйынчылыктар болду. Жыл бою экономикага биздин негизги өнөктөштөр Россия, Казахстан жана ЕАЭБге кирген башка мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле Кытайда жана дүйнөдөгү түзүлгөн татаал экономикалык кырдаал өз таасирин тийгизди.

Экономиканын төмөндөшү дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде,анын ичинде Россияда (-0,6%), Беларусияда (-2,6%), Казакстанда (0,8%) байкалды. Ал эми Кытайдын өсүү темпи акыркы 5 жылдын ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч болду (6,7%).
Ошондой болсо да республиканын экономикасы мындай терс таасирлерге туруштук бере алды. Жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын өсүү темпи 103,8%ды түздү. Ал эми 2015-жылдын ушул мезгилинде 103,9% болгон.
Бул көрсөткүч мурда пландаштырылган көрсөткүчтөн 1,1%га жогору болду (102,7%)
Мындай өсүүнү экономиканын дээрлик бардык секторлору камсыз кыла алышты. Айыл чарбасында менен кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 103%, өнөр жай секторунда 105,2% жана курулуш секторунда 107,4% өсүү болду.

Инфляциянын деңгээли 2015-жылдын декабрына карата 99,5 %ды түздү (2015-жылы бул көрсөткүч 103,4 % болгон).
Мындай жагдай азык-түлүк, айыл чарба продукцияларынын бааларынын төмөндөшүнөн жана ички суроо-талаптын азайышынан улам болду.
Жылдын башында Өкмөт тарабынан иштелип чыккан кризиске каршы План – дүйнөдөболуп жаткан чакырыктардын жана кризистин таасирин жеңилдетүүгө багытталган болчу. Өз убагында көрүлгөн чаралар, жылдын башындагы ИДПнын төмөндөшүн токтотуп, август айынан баштап оң көрсөткүчтөргө чыгууга мүмкүндүк берди.
Экономикалык өнүгүүнү жакшы көрсөткүчкө чыгарууда ата мекендик орто жана кичи бизнестин ИДПдагы жалпы үлүшү 40,5%ды түздү. 2017-жылдын 1-январына карата республиканын аймагында иштеген ишкер субъекттердин саны 662,3 миңге чейин жетти, жана былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9%га өстү.
Бизнес чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Өкмөт салык саясатында, мамлекеттик жөнгө салууда жана экономиканын приоритеттүү тармактарын каржылоодо бир нече аракеттерди жасады.
Бирок дале болсо, бизнес жүргүзүүдө ишкерлерге карата тоскоолдуктар түзүлүп жатат. Биринчиден, укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерди текшерүү азайган жок.

Экинчиден, коррупцияга каршы күрөштүн күчөп жаткандыгына карабастан, негизинен коррупциялык көрүнүштөр азайган жок. Бул көрүнүш –укуккоргоо жана башка мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде болуп жатат.
Мисалга алсак, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан - жер бөлүп берүү, энергиялык кубаттуулуктарды кошуу, бүткөн курулуш иштерин кабыл алуу маселелери чечилбей, ишкерлердин арасында нааразылыктарды туудурууда.

Ошентсе да, ишкерлерге финансылык ресурстарга жетүүгө көмөк көрсөтүү багытында бир топ жетишкендиктер бар.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2016-жылдын 31-декабрына карата коммерциялык банктар аркылуу 82,108 млн.АКШ долларын берди. Өзү түздөн-түз 92,44 млн АКШ долларлык долбоорлорду жактырды.
Мындан тышкары, банк системасы экономиканы акча каражаты менен камсыз кылууну бир топ жакшыртты. Керектөөчү товарларга берилген насыялардын өлчөмү10,5 % га өстү.

Ошону менен бирге жеке жактардын акча которуулары 2016-жылдын былтыркы жылга салыштырмалуу 20,9 %га көбөйүп, 1493,9 млн АКШ долларын түздү (2015-жылы январь-ноябрында 1235,3 млн АКШ долларын түзгөн).

Өткөн жылы, Өкмөттүн жана Улуттук Банктын жасаган иш аракеттеринин үзүрү - банк секторунун депозиттеринин долларлашуу” деңгээли 2016-жылдын башынан бери 65,2 %дан 52,9 %га чейин төмөндөгөн. Ал эми банк секторунун кредитеринин долларлашуу” деңгээли жыл башынан бери 55,1 %дан 44,1 %га чейин төмөндөшү байкалды.
Өзгөчө белгилеп кетчү жагдай, ата мекендик бизнестин өнүгүүсү - калктын кирешесинин көбөйүшүнө, өзгөчө айыл жергесинде жумуш орундарын түзүлүшүнө, ошондой эле мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин толук аткарылышына мүмкүндүк берет.
Бул багытта Өкмөт калктын аярлуу катмарына карата өзүнүн милдеттенмелерин толук аткара алды.
Атап айтсак, 2016-жылдын 1-октябрынан баштап, пенсиянын минималдуу өлчөмү 810 сомдон 900 сомго чейин көбөйтүлдү.
Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө болгон социалдык жардамдын суммасы 705 сомдон 810 сомго көбөйтүлдү, же 2012-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көптүк кылат (370 сом).

2016-жылдын январь-ноябрь айынын жыйынтыгы менен айлык акынын орточо өлчөмү реалдуу түрдө 9,3%га өсүп, 14017 сомду түздү.
2016-жылдын 1-октябрынан пенсия орточо эсеп менен 15%га жогорулатылды. Жыйынтыгында азыр ал 5120 сомду түзөт жана жашоо минимумунан 19,0%га жогору (4303,69 миң сом).

2016-жылга пландаштырылган негизги социалдык милдеттенмелер толугу менен аткарылды.
Жогоруда мен экономикалык негизги көрсөткүчтөргө токтолдум, алар негизинен туруктуу болду.
Бирок экономиканын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген жана 2017-жылдын максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууга тоскоол болуучу жагдайларга, ошондой эле аларды чечүү үчүн биринчи кезекте аткарыла турган милдеттерге токтоло кетейин.
2016-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүү 4989 млн. АКШ долларын түздү. Бул 2015-жылдын январь-ноябрына карата 0,5 %га аз. Анын ичинде экспорт 1268,6 млн АКШ долларын түзүп, 2015-жылдын 11 айына салыштырмалуу 1,5%га төмөн болду. Ал эми импорт 3620,4 млн доллар болуп былтыркы жылдын деңгээлине чыкты.

Ошол эле учурда, Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөр менен товар жүгүртүү 1743,6 млн АКШ долларын түзүп, 16,7%га төмөндөдү. Анын ичинде:экспорт – 317,2 млн АКШ долларын (8,1%га төмөн), импорт – 1426,4 млн АКШ долларын (18,5 %га төмөн) түздү.

Ошондуктан, тез аранын ичинде экспортту ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык келтирүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн багыттары боюнча бүт күчүн жумшаш керек. Ошондой эле, эки-үч айдын ичинде ата мекендик товарларды экспортко чыгарууну көбөйтүү үчүн ЕАЭБдин шартына жараша лабораториялык сыноолорду көбөйтүү зарыл.
Ошону менен бирге, айыл чарба продукциясын экспорттоону камсыздандыруучу механизмдерин жакшыртуу керек.
Экспортко товар чыгаруучу ата мекендик ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу механизмдерин киргизүү зарыл. Бирок бюджеттик каражаттын жетишсиздигинен улам, бул программа 2017-жылга жылдырылды.
Экспортко товар чыгаруудагы тоскоолдуктардын бири - бул өлкөнүн экономикасы майда жана натуралдык товар өндүрүүгө багытталып калган.

Акыркы жылдары айыл чарбасына мамлекет тарабынан жакшы жардам берилип жатат. 5 жылдын ичинде 17 млрд сомдон ашык жеңилдетилген кредиттер берилди.Мында негизги үлүштүн 80 %ын мал чарбачылыгы ээлейт (өсүмдүк өстүрүүгө ≈10 %, кайра иштетүүгө ≈10 %).
Айыл чарбасында өндүрүмдүүлүк өтө төмөн бойдон калууда. Мен 2-3 гана мисалга токтолоюн.
Талаачылыктыалсак, 2016-жылы кант кызылчасы 3,8 эсеге, мөмө-жемиш 14,4%га көп өндүрүлдү. Буга карабастан түшүмдү жыйноо мезгилине даярдануу жакшы жолго коюлган эмес. Ошондой эле, кайра иштетүү мекемелери сырье менен камсыз болууда кыйынчылыкка учурашууда. Дан өсүмдүктөрүнүн жалпы түшүмдүүлүгү абдан төмөн жана гектарынан 22-25 центнерден ашпайт.
Ал эми коңшу мамлекеттерде түшүмдүүлүк Өзбекстанда дан эгиндеринен гектарына 55 центнерге чейин, Казакстанда көпчүлүгү кайрак жер болгону менен 15тен 51 центнерге чейин түшүм алышат. Россияда орточо түшүмдүүк гектарына 26 центнер, Беларуста 31,5 центнерди түзөт.
Быйыл күздүк дан эгүү да солгун жүргүзүлдү. 2016-жылдын 15-декабрына карата 146,7 миң гектарга күздүк айдалды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 15,4%га, же 26,6 мин гектарга аз.

Маселен, бүгүнкү күндө айыл чарбасына жалпысынан 28 миңге жакын трактор керектелсе, дээрлик 22 миң трактор иштейт. 6,0 миңден ашык трактор жетишпейт. Анын ичинен ошол бар тракторлордун 87%ы аларга чиркелүүчү айыл чарба шаймандарынын (соко, культиватор, ж.б.) баары 20 жылдан ашык убактан бери колдонулат.
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө акыркы жылдары бир топ майда ишканалар пайда болууда. Бирок биз өндүрүлгөн продукциянын бар болгону 10-15%ын гана кайра иштетебиз. 12 ишкана жыл бою туруктуу иштешсе, 30га жакын ишкана жыл ичинде бир сезондо 4-5 ай гана иштейт.
Өлкөдө тиешелүү логистикалык инфраструктуранын жоктугунан чыгарылган продукциянын өздүк наркы жогорулап, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка туруктуулугу начарлап жатат.
Жаңы логистикалык борборлорду жана мал союучу пункттарды ачуу боюнча Өкмөттүн иш-аракеттерине карабастан, жер-жерлерде калкка жеткиликтүү маалымат жетпей жатат.
Региондор бизнес долбоорлорду даярдоого көмөк көрсөтүүчү иштергемуктаж. Бул багытта региондордогу өнүктүрүү Фонддору колдоо көрсөтүшү керек.

Ишкерлерге мал союучузамандап цехтерди куруу жана жабдуу боюнча долбоорлорду, жергиликтүү жана регионалдык маанидеги товардык-логистикалык борборлорду куруу талаптарын түшүндүрүү боюнча жардамдар керек.
Ошол эле убакытта ишкерлерге жардам бере турган жаңы түзүлгөн Кепилдик фондунун капитализациясы төмөн болгондуктан, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан ири долбоорлорду каржылоо мүмкүн болбой жатат.
Өнөр жайтармагы 2016-жылдын жыйынтыгындаоң динамикага чыкты. Акыркы эки жылы катары менен терс тенденция катталган.
Өнөр жай тармагын алсак, 2016-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 104,9%га өстү. Ал эми Кумтөр кенин кошпогондо, өндүрүштүн өсүүсү - 104,8%ды түздү.

Өндүрүш мурда пландаштырылган көрсөткүчтөн 3%га жогору болду.
Бирок бул тармакта көйгөйлөр жок эмес.
Жалпысынан нефтини кайра иштетүү 2016-жылы 44,4%га жогорулаган. Бирок:
- Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводду чийки нефть менен туруктуу камсыз кылуу маселеси ушул убакытка чейин чечилбей келе жатат. Экинчиден, ушул заводдун чыгарган продукциясынын сапаты да биздин күйүүчү май сатуучу компаниялардын суроолорун жаратууда.
- Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү завод сырье жоктугунан токтоп турат.
- Таш-Көмүр шаарындагы ушундай эле завод былтыр болгону 568,7 тонна продукция чыгарды.
Мындан улам, сырье менен камсыз болбогон заводдорду куруу канчалык деңгээлде талапка ылайык?”деген суроо туулат.
Быйылкы жылы негизги экспорттук потенциалга ээ текстиль тармагы 22,2%га өндүрүшүн төмөндөттү. Анткени биздин товарларга Россия менен Казахстандан суроо-талап азайган.
Бирок, мында Легпром” Ассоциациясынын ишкерлеринин маалыматына ылайык, 2013 жана 2015-жылга салыштырмалуу тигүү буюмдарына заказдардын Россиядан жана Казакстандан көбөйгөн. Азыркы учурда тигүү ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулуктары толук көлөмдө иштеп жатат.

Тигүү продукциясынын негизги көлөмү патенттик негизде иштеген жеке ишкерлер менен түзүлгөндүктөн (80 %), чакан ишканалардын өндүрүш көлөмүнүн так статистикасы жок. Буга байланыштуу ушул тармактагы реалдуу көрүнүштү ачуу үчүн текстиль-тигүү продукциясын эсепке алуунун механизмин иштеп чыгуу боюнчачаралар көрүлүп жатат.
Курулуш материалдарынчыгаруу да (цемент, бетон, кирпич) 8,4 %га азайды.
Тоо кентармагы боюнчаалтынды өндүрүү бир гана Кумтөр кенинде жогорулады.
2016-жылы Кыргызалтында” алтынды өндүрүү дээрлик 30%га азайган (жалпысынан 201,6 кг Доре куймасы (алтын) алынды (2015-жылы 321,2 кг).

Солтон-Сары кени жазгы-жайкы сезон маалында гана иштейт, калган убакта токтоп турат.
Терек-Сай кенинде негизги өнөржай запасы түгөнүп, азыр бардык негизги фондулар «Этибакыр-Терексай» компаниясына берилген. Алар быйыл гана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп баштады.
Талды-Булак-Сол жээк кенинде, 2016-жылы бар болгону 6,3 кг алтын чыгарылды.
Мындан тышкары, Кадамжай сурьма комбинаты сырье жоктугунан жылдын башынан бери иштебей токтоп турат.
Экономикадагы бир көйгөйлүү маселе - Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугу.
Биринчиси - кубаттуулуктардын ишке киргизүүнүн артка жылдырылышы.
Экинчиси - жабдуулардын эскире башташы. Токтогул ГЭСиндеги удаа-удаа болгон авариялар.
Мунун далили былтыркы жылы 6893 авариялык өчүрүүлөр болду, же орточо эсеп менен, Кыргызстанда күнүнө 19 жолу авариялык өчүрүүлөр катталган.

Электр тармактардагы болгон жоготуулар дагы эле жогору бойдон калды. 2016-жылы тармактагы энергетикалык жоготуулар 19,5%, же 2223,9 млн кВт саат, анын 13,6%ы (1468,9 млн. кВтсаат) РЭСтердеги, 5,95% (755,0 млн кВтсаат)жогорку чыңалуудагы (НЭСК) жоготуулар.
Салыштырып карасак, өнүккөн мамлекеттерде жоготуулар 4%дан 8%га чейин эле болот. Россия менен Казакстанда жалпы жоготуулар орточо 11%, ал эми Өзбекстанда 13% болууда.
Ошондуктан, жоготууларды мындан ары азайтуу боюнча иш-чараларды аткарып жана тез аранын ичинде техникалык жоготуулардын нормативдерин иштеп чыгуу зарыл.
Энергокомпаниялардын финансылык абалы, дебитордук карыздарынын көптүгү абалды оордотууда.
Абал ушул бойдон уланса, жакынкы мезгилде биздин экономика энергетикалык жетишсиздикке учурашы мүмкүн.
Инвестициялык климаттынначар абалда болушу ойлондурбай койбойт.
Чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 2016-жылдын 9 айында 535,3 млн. АКШ долл. түздү, же 2015-жылга караганда 16,6%га азайган.
Чет өлкөлүк түз инвестициялар негизинен Кытайдан (39,2%) жана КМШ мамлекеттеринен (48,3%) келген, же бардык инвестициялардын 87,5%ын түзөт.

Дагы бир көйгөй - инвесторлор үчүн бирдиктүү терезе жок. Жаңы долбоорду ишке ашыруу процедурасы өтө татаал, айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тоскоолдуктар көп.
Буга байланыштуу, инвестициялардын региондорго келиши бирдей эмес, региондук дисбаланс түзүлдү. Мында, жергиликтүү бийлик ишкерлер жана инвесторлор менен натыйжалуу иш алып барбай жатат.
Мындан тышкары, Дуинг Бизнес Эл аралык рейтингде да Кыргызстан азыркы учурда 75 орунда турат. Бул корсоткуч 2009 жылдан бери 41-чи орундан жыл сайын 6-7 пайызга тушуп мамлекеттин инвестициялык жагымдуулугун азайтат.
Региондордо бизнес коомчулугу жана инвесторлор менен сүйлөшүү аянтчасы 7 облустун 5 облусунда гана түзүлгөн.
Экономиканын капитализациясында капиталдык салымдардын көбөйүшү байкалды. 2016-жылдын жыйынтыгы менен негизги капиталга инвестициянын көлөмү 133,4 млрд сомду түзүп, 3,8 %га көп болду.

Ичкиинвестициялардын көлөмү 1,5%га көбөйдү.
Маалымат катары:
- республикалык бюджеттен келген каражаттар 2 эсеге көп болду,
- жергиликтүү бюджеттерден 4,3%га көп болсо,
- мекеме ишканалардан келген каражаттар 13,4%га азайган.
Ал эми тышкы инвестициялардын көлөмү 7,1%га көбөйдү.
Жыл жыйынтыгында курулуш секторунун жалпы көлөмү 128,6 млрд сом болуп, өсүү темпи 107,4%ды түздү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жалпы көлөмү 387,7 млрд сом болуп, өсүү темпи 102,9% түздү. Негизинен соода тармагы 107,6%, мейманкана жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсү 109,5% өсүүсү менен камсыз болду.
Бул багытта өсүштөр болгону менен, туризм тармагында абал начар болду. ИДПга болгон үлүшү 0,1%га гана көбөйгөн. Туризм тармагы негизинен:
- абаырайынын жана географиялык факторго көз каранды (туристтик сезон кыска).
- туристтик сезондун кыска болушу туристтик кызматтарга бааны жогору бойдон кармап турууга мажбур кылат.
2016-жылыболгону 110,0 миң чет элдик турист келип эс алды.
КМШ өлкөлөрүнөн тышкары келген туристтерди тейлөөдөн 41,3 млн. доллар каражат түштү, ал былтыркыга салыштырмалуу 12,4%га аз.
Кыргызстан 2016-жылды жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады деп ишеним менен айтаалам.
Ошону менен бирге алдыда чоң милдеттер турат.

Быйыл 2018-2023 жылдарга карата жаңы стратегия кабыл алынат. Буга байланыштуу баардык тармактарды камтыган терең анализдин негизинде даярдалган өлкөнүн туруктуу өнүгүү программасы иштелип чыгат.
2017-жылга ИДПнын өсүү темпи 2,9%дын тегерегинде пландаштырылды.

Бул максаттарга жетүү үчүн алдыга орчундуу милдеттер коюлду.
1-милдет. Быйылкы жылы экспортту жогорулатуу - эң негизги приоритет болот. Ата мекендик экспортерлорго тыгыз жардам бериш үчүн:
- экспортерлорду колдоо фондун түзүү,
- коңшу мамлекеттерде (Россияда, Казахстанда, Кытайда жана Индияда) соода өкүлчүлүктөрүн түзүү керек.
Буга байланыштуу Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспортко көмөк көрсөтүү Агенттиги иш-чараларды тез аранын ичинде Өкмөткө сунуштасын.
- экспортко чыгарууда зарыл болгон лабораторияларды толук бойдон иштешин камсыз кылуу зарыл.
2-милдет - айыл чарба продукциясынын өндүрүүнү көбөйтүү. Ал үчүн:
- кооперацияны өнүктүрүү
- кластердик принципте уюшулган чарбаларды түзүү.
Бул багытта Айыл чарба министрлиги тарабынан чечкиндүү чаралар кабыл алынсын.
3-милдет - 2017-жылдын максаттуу көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу. Ал үчүн:
- өнөржай комплексин өнүктүрүүгө басым жасоо керек.
Бул багытта Мамлекеттик өнөржай комитети тез аранын ичинде текстиль тигүү өндүрүшүнүн өнөр жай зонасын түзүү боюнча ишти тездетсин.
4-милдет - көмүскө экономиканы кыскартуу.
Көмүскө экономиканын бир кыйла жогору болуп жаткандыгытаза жана ак ниет эмгектенген ишкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, экономикада тең конкурентүүлүктү бузуп жатат.
Бул багытта, Экономика министрлиги донорлордун жардамы менен изилдөө жүргүзүп, жыйынтыктары менен бизнести көмүскө экономикадан чыгаруу боюнча стимулдарды сунуштасын.
Милдеттер көп, алардын көпчүлүгү сиздерге сунушталган протоколдук чечимдин долбоорунда жана Өкмөттүн 2017-жылга карата каралган иш чаралар Планына киргизилген.

Ошондуктан, жыл ичинде социалдык-экономикалык туруктуулукту сактап, элдин турмуш-шартын мындан ары жакшыртуу, ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүп, экспортту көбөйтүүдө жана инвестицияларды тартууда көмөк көрсөтүү боюнча 2017-жылдын максаттуу көрсөткүчтөрүн жана мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин толук жана өз учурунда камсыз кылуу үчүн министрликтерди, комитеттерди, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын – баарыбызды биргелешип тыгыз иш алып барууга чакырат элем.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу