Бажы биримдигинин дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө ТР үчүн өткөөл мезгили 2017-жылдын 12-февралында аяктады

Новости
12-Февраль 2017-ж.
2013

Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” Бажы биримдигинин техникалык регламенти (мындан ары – Техникалык регламент), республиканын аймагында 2016-жылдын 12-февралынан тарта күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдары менен 2016-жылдын 12-февралына чейин милдеттүү талаптарга милдеттүү түрдөө шайкештигин баалоого жатпаган, аталган Техникалык регламентинин объектиси болгон продукция үчүн 2017-жылдын 12-февралына чейин өткөөл мезгил белгиленген.

Техникалык регламенти үчүн белгиленген өткөөл мезгил бүткөндөн кийин (2017-жылдын 12-февралынан), жеке адам өз муктаждыктары үчүн же мурда ЕАЭБке мүчө болбогон мамлекеттерде жол кыймылында катышып келген транспорт каражатын, транспорт каражатын даярдалган учурунан бери үч жылдан көп убакыт өткөн шартта, ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагына киргизгенде, транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгүн жол-жоболоштуруу зарыл,

Техникалык регламентинин бул талабын аткаруу үчүн, азыркы учурда техникалык кароо жүргүзүү боюнча диагностикалык борборлоруна, транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгүн берүү боюнча ыйгарым укук берүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул иш чаралар 2017-жылдын 22-февралына чейин аяктайт.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредиттөө борбору, бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүүгө жана жүргүзүүгө жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгүнүн бланкасын берүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп белгиленген.

Министрликтин алдында, жарандар жана ишкерлер үчүн ЕАЭБдин мыйзамдарынын жоболорун тушүндүрүү боюнча маалыматтык борбор иштеп жатат (министрликтин 2015-жылдын 27-майындагы № 104 буйругу менен түзүлгөн).

Күнү-түнү иштөөчү кызматынын линиясы 1220 номери боюнча иштейт. Техникалык регламентке тиешелүү бардык суроолор боюнча 1220 номерине кайрылса болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу