Кымбат баалуу унааларга жана кыймылдаткычтын көлөмү 3000 куб смдан ашык унаалар үчүн жогорулатылган коэффициентти колдонуу жөнүндө

Новости
31-Январь 2017-ж.
1969
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, 2016-жылдын 23-ноябрында Өкмөттүн токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2015-жылдын 7-июлундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2015-2020жылдарга карата фискалдык саясатынын концепциясын ишке ашыруу иш-чараларынын планынын 13-пунктун ишке ашыруу максатында ишке киргизилген.

Бул жаңы өзгөртүү боюнча кымбат баалуу транспорт каражатынын категориясына кирүүчү, башкача айтканда ашкере байлыкка кирүүчү жеңил унаа каражаттарына карата жогорулатылган өзгөртүү киргизүү коэффициентин киргизүү каралат.

Мыйзам долбоорунда кыймылдаткычтын көлөмү жогору болгон жеңил унаа каражаттары боюнча салыктын суммасын аныктоо максатында өзгөртүү киргизүү коэффициентин колдонууну кароодо кыймылдаткычтын көлөмү жана чыгарылган жылы эсепке алынат жана колдонуудагы салык ставкасын сактоо каралат
кыймылдаткычтын көлөмү
(куб. см)
Эксплуатациялоо мөөнөтү. Даярдоочу заводдун даярдаган жылы менен кошо
5 жылга чейин 5 жылдан 10 жылга чейин 10 жылдан 15 жылга чейин 15 жылдан ашык
оңдоо киргизүүчү коэффициенттер
3000чейин 1 1 1 1
3001 ден 4500 2,5 2,0 1,4 1
4501ден жогору 4,0 3,3 2,6 1

Мисалы, кыймылдаткычтын көлөмү 3000 кубга чейинки болгон транспорт каражаттарына, ошондой эле кыймылдаткычтын көлөмү 3 миң кубдан жогору, бирок он беш жылдан жогору жылдагыларга оңдоп түзөтүүчү коэффициент колдонулбайт.
Мисалы, Лексус – GX-570 үлгүсүндөгү 5700 куб кыймылдаткычтын көлөмүнө ээ болгон жаңы жол тандабас үчүн жылына 5130 сомдун ордуна 20520 сом төлөнөт (жылына 300 долларга жакын). Ал эми Лексус ES300 үлгүсүндөгү жаңы Лексус үчүн колдонуудагы ставка боюнча жылына 2700 сом төлөнөт.

Маалымат үчүн: 2017-жылга карата РФнын Москва шаарындагы Лексус-570 үлгүсүндөгү автомобилдин салыгы 55.50 россия рублин түзөт(63.500 сом же 900 АКШ доллары)
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча келип түшүүлөрдүн саны жылына 180-186,0 сомду түзөт.
Автомобилдердин жалпы саны 965355 түзсө (МСК 2016-жылдын 1-январына берген маалыматы боюнча) анын ичинен 868230 (89.9%) кыймылдаткычтын көлөмү 3000 куб же андан аз. Көлөмү 3001 кубду же андан ашык кыймылдаткычка ээ болгон автомобилдер 97125 бирдикти түзөт. Анын ичинде 15 жылга чейинкилер 28434 бирдикти түзөт(2,9%). Калган 68691 унаа 15 жылдан мурда чыккан.

Ошентип бул салык жалпы автопарктын 3% гана тиешелүү, ошону менен бирге бюджетти толтуруу үчүн кошумча булак болуу менен бирге социалдык теңдик принциптерин иш жүзүндө ишке ашыруу болот.
Ошондой эле кыймылдаткычтын көлөмү 2000 куб см дан ашпаган 48% автого жылына орточо 500 сомдон жогору эмес, башкача айтканда сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр өлкө калкынын көпчүлүгүнө тиешеси жок.

Мааниси боюнча бул салык кыймылдаткычтын көлөмү чоң болгон унаалар үчүн социалдык жактан калыс салынган салык болуп эсептелип, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө колдонулат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу