ЕАЭБдин техникалык регламенттери боюнча өтмө жоболор жөнүндө

Новости
24-Январь 2017-ж.
1914
2017-жылдын 24-январында экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков "Кыргызстандын жаңы экономикалык реалдуулукка даярдыгы: КР нын ЕАЭБдеги жеңилдик алуу мөөнөтү аягына чыкты:" деген темадагы тегерек столго катышты.

Ошондой эле бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана республиканын бизнес коомчулугу катышты.

Вице-премьер-министр О. Панкратов Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусундагы оң жагдайларды белгилөө менен Өкмөт өзгөчө көңүл буруп жаткан көйгөйлүү маселелерге да токтолду.
Өз кезегинде министрдин орун басары А.Сазбаков кыргызстандын бул биримдикке ыңгайлуу шарттар менен киргендигин, анын ичинде түрдүү багыттар боюнча өтмө мезгилдер каралгандыгын, ошону менен бирге ЕАЭбдин техникалык регламенттери боюнча өтмө мезгил берилгендигине токтоло кетти.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ЕАЭБдин алкагында мамлекеттин кызыкчылыгын талашууда өз ара аракеттенүү маселелерин ошондой эле бул процесстеги бизнестин жоопкерчилиги жана ролун талкуулашты .
Мындан тышкары бажы өкүлдөрү жана эмгек мигранттары жөнүндө талкуу жүрдү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу