Сыйлоо аземи Кыргызстандын күрөш федерациясынын отчеттук конференциясында болуп өттү. Орденди Арзыбек Кожошевге УОКтун президенти Шаршенбек Абдыкеримов тапшырды.
Белгилей кетүүчү нерсе, А. Кожошев Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын, грек рим күрөшүн жетектөөчү вице-президенти болуп эсептелет.
2016-жылы Кожошевдин спортчулары Риодогу Олимпияда оюндарына катышуу үчүн 4 лицензияга ээ болду.