Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлат

Новости
23-Январь 2017-ж.
1859
Министерство экономики КР 23 января 2017 года выносит на общественное обсуждение проект Закона «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики», направленное на оптимизацию лицензионно-разрешительной системы в КР.
Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги 20170-жылдын 23-январынан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгат.
Бул мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү сунуш кылат:
-лицензия бериле турган ишкерликтин түрлөрүн 99 дан 93 кө чейин кыскартуу;
-лицензияга тиркеме киргизүү менен иштин түрлөрүнө. Кызмат көрсөтүүгө, аракеттер жана операцияларды лицензиялануучу иштин түрлөрүнө бөлүштүрүүнү кароо, ошондой эле лицензия берүү менен уруксат берүү жол-жоболорунун ортосундагы чекти ажыратуу
-иштин чектелүү бир түрлөрүнө лицензия берүүдөн тышкары лицензияга акы төлөөнү алып салуу;
-лицензияларды жана уруксат берүүлөрдү электрондук түрдө он-лайн режиминде автоматташтырылган маалыматтык тутумду киргизүү;
-лицензиялык контролдоо баракчасын милдеттүү түрдө колдонуу менен лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу боюнча талаптарды киргизүү;
-"Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамдагы ички карама-каршылыктарды жоюу жана бул Мыйзамдын ченемдерин тактоо жана оптималдаштыруу максатында жаңы аныктамаларды киргизүү;
--"Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамга тармактык мыйзамдарды шайкеш келтирүү.
Сын-пикирлер менен сунуштарды Экономика министрлигине жиберүүнү суранабыз. Те.620535(кош149 же150, эл дарек: mail@mineconom.gov.kg



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу