Айрым ЖМКлардагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясында жер салыгы 100 эсеге жогорулайт" деген маалымат чындыкка туура келбейт

Новости
22-Январь 2017-ж.
2339
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, ушул жылдын 19-январындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо . тажрыйбалар жана колдонуу келечеги" тегерек столунун жүрүшүндө Гульнара Ускенбаеванын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясында жарандар үчүн жер салыгы 100 эсеге өсөт" деген шилтемесин пайдалануу менен бир нече жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланганын чындыкка дал келбейт жана жарандарга туура эмес маалымат жеткирилип жатат деп белгилейт.

Бул билдирүү мыйзам долбоордун текстинен бир беренени үзүп колдонуунун негизинде пайда болууда. Ал беренелерди, мыйзам долбоордун концепцияларында берилген кодекстин башка беренелери менен бирдикте кароону унутпасак.
Мыйзам долбоордун концепциясына ылайык "Мүлккө болгон салык" жана "Жер салыгы" бөлүмдөрү техникалык жактан бир бөлүмгө бириктирилип, үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору боюнча салыктык наркты чегерүү үчүн эсептөө жана ставкалардын формуласын өзгөртүүгө алып келди.

Салык кодексинин колдонуудагы редакциясына ылайык, Бишкек шаарынын 450 кв.м аянттагы үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участокторунун жер салыгынын жылдык суммасы 675 сомду түзөт.


Салык кодексинин долбоорунун негизинде ушул эле параметрлер менен эсеп жүргүзүүдө жер салыгы боюнча милдеттенменин суммасы ошондой эле 675 сомду түзөт. (450 кв.м х150 базалык салыктык нарк х 1% салык ставкасы=675 сом)



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу