Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелерге түзөтүүлөрдү киргизүүнү кабыл алуу жөнүндө

Новости
26-Январь 2017-ж.
2073
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-январындагы токтому менен 1998-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелерге түзөтүүлөрдү киргизүүнү кабыл алынды.

Бул түзөтүүлөр 2016-жылдын 7-июлундагы "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына жана 2016-жылдын 22-июнундагы "Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдарга ылайык, мыйзам алдындагы ченемдик актыларды бир калыпка келтирүү максатында кабыл алынды.

Тартиптерге киргизилип жаткан түзөтүүлөрдүн бири болуп, электрондук тоорук аркылуу карыз тараптын мүлкүн сатуу механизмин ишке киргизүү болуп эсептелет, бул, карыз тараптын активдерин сатууда бул мүлктүн турган жеринен көз карандысыз сатуу жана тооруктарга катышуу үчүн потенциалдуу сатып алуучулардын мүмкүн болгон максималдуу санын катышууну жана ачыктыкты камсыз кылууга багытталган.

Ошондой эле атайын администратор күрөө менен камсыз кылуу боюнча карыз тараптын бүтүмдөрүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү камсыздоо боюнча укукка ээ, бул банкроттуулук процессин толук жана ачык ишке ашыруу үчүн маанилүү фактор болуп эсептелет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу