ЕАЭБ /ББ техникалык регламенттеринин талаптары боюнча сертификаттоо жана сыноо иштери

Новости
25-Январь 2017-ж.
2165
Ата-мекендик продукцияны Евразия экономикалык биримдигинин мүчө- мамлекеттерине жеткирүү үчүн өндүрүлүп же чыгарылып жаткан ата-мекендик продукция ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келүүсү зарыл ЖАНА ЕАЭбдин техникалык регламенттерине ылайык сертификаттоо жол жобосунан өтүүгө тийиш.

ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лабораторияларда жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорунун негизинде кабыл алынган бирдиктүү үлгүгө ылайык декларация таризделет.

ЕАЭБдин сыноо жана сертификаттоо боюнча бирдиктүү органдардын реестрине киргизилген продукцияны сертификаттоо боюнча органдар ЕАЭБдин бирдиктүү үлгүсүнө ылайык сертификат берет, ошондой эле ЕАЭБдин бирдиктүү үлгүсүнө ылайык декларацияларды каттайт.

ЕАЭБдин алкагында бардык тамак-аш продукциясы милдеттүү түрдө шайкештик жөнүндө декларация түрүндө шайкештиги тастыкталуусу керек.


ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине сертификаттоо боюнча 9 орган кирген. ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча орган ЕАЭБдин 36 техникалык регламентинин ичинен 21 техникалык регламент боюнча шайкештик сертификатын берет же шайкештик жөнүндө декларацияны каттайт.

ЕАЭС:(« автомобиль жолдорунун коопсуздугу» (БС ТР 014/2011),«Балдар жана өспүрүмдөргө арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 007/2011), « Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 025/2012), «Таңгактоонун коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 005/2011), «Парфюмердик- косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 009/2011), «Жеңил өнөр-жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 017-2011), "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги » (БС ТР 020/2011), «Газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 016/2011), «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 010/2011), "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелге жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлуучу талаптар жөнүндө" (БС ТР 013/2011) , «Тамак-аш продукциясынын кооопсуздугу жөнүндө » (БС ТР 021/2011), "Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө" (БС ТР 022/2011) ,«Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 034/2013), « Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 033/2013), "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар" (БС ТР 029/2012, «Дан коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 015/2012), "Жемиштерден жана жашылчалардын жасалган шире продукциясына техникалык регламент" (БС ТР 023/2011)
«Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 008/2011), «Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 004/2011), «Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга коюлуучу талаптар жөнүндө" (БС ТР 030/2012) "Май-тоң май продукциясына техникалык регламент" (БС ТР 024/2011).

Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген 16 техникалык регламенттин ичинен 8 техникалык регламент боюнча республикада лабораториялардын жоктугуна байланыштуу сертификаттоо боюнча орган жок "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 018/2011) "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 019/2011) "Чакан көлөмдүү кемелердин коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 026/2012) «Ашыкча басым менен иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 032/2013), " Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндө» (БС ТР 002/2011), «Тамеки продукциясынын техникалык регламенти (БС ТР 035 /2016), "Жарылууга кооптуу чөйрөлөрдө иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 012/2011)»,"Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 031/2012)
Учурда Кыргыз Республикасында ар түрдүү багыттар боюнча 119 сыноо лабораториялары аккредитациядан өттү. Анын ичинен ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 30-сыноо лабораториясы кирген.

Ошону менен бирге сыноо лабораториялары ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде каралган бардык спектрлер боюнча бардык талаптар боюнча сыноолорду жүргүзө албайт.
Экономиканын приоритеттүү тармактарында (айыл чарба, ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, жеңил өнөр жайы, курулуш материалдары) зарыл болгон техникалык компетенттүүлүккө жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын ортосундагы техникалык көмөк көрсөтүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иштердин алкагында
Кыргыз Республикасында 2017-жылы Кыргыз Республикасынын лабораториялык инфраструктураларды модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу