Ошону менен бирге жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана кендерди коргоону көзөмөлдөө функциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына берилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында 2016-жылдын 2-декабрында №642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин структурасын оптималдаштыруу жөнүндө " КРӨнүн токтому кабыл алынды.
Бул токтомдун 1 пунктуна ылайык, Экономика министрлигинин алдындагы метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын функцияларын КРӨнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына өткөрүп берилди.
Өкмөттүн структурасынын өзгөрүүсүнө байланыштуу контролдоочу органдардын саны 11-ден 9 га чейин кыскарды.