Өз сөзүндө вице- премьер-министр Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсүнүн оң жактарын белгилөө менен Өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылган көйгөй жаратып жаткан учурларга да токтоло кетти.
А. Сазбаков өз сөзүндө Кыргызстандын бул биримдикке кирүүсүндө ар түрдүү багыттар боюнча өтмө мезгил жана анын ичинде ЕАЭБдин техникалык регламенттери боюнча өтмө мезгил каралуу менен пайдалуу шарттарда кошулгандыгы жөнүндө айтып өттү.
Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен ЕАЭБдин алкагында мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо биргелешип аракеттенүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле бул процесстеги бизнестин ролу менен жоопкерчилигине токтоло кетти.
Мындан тышкары бажы өкүлдөрү менен эмгек мигранттарынын маселелери каралды.