Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерге оңдоолорду киргизүү боюнча

Новости
26-Январь 2017-ж.
1857
1998-жылдын 30-декабрындагы токтому менен бекитилген, Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерге оңдоолорду киргизүү” боюнча 2017-жылдын 12 январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн токтому ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын
7-июлундагы Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана КР 2016-жылдын 22-июнундагы Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”Мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында даярдалган.

Эрежеге киргизилген оңдоолордун бири, электрондук тоорук аркылуу карыз тараптын мүлкүн сатуу механизмин ишке киргизүү болуп саналат, ал карыз тараптын мүлкүн сатууда турган жерине карабастан айкындуулукту камсыз кылат жана тоорукка катышуу үчүн көп сандаган потенциалдуу сатып алуучуларды тартат.

Ошондой эле, карыз тараптын күрөөсү боюнча бүтүмдөрүн мыйзамдуулугун белгилөө жаатында текшерүүлөрдү камсыз кылуу үчүн атайын администраторго укуктарды берүү сунушталууда, бул дагы банкрот процессинин толуктугун жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү факторлордун бири болуп саналат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу