Кыргыз-индия мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы импульстары жөнүндө

Новости
27-Ноябрь 2016-ж.
1993

2016-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошевдин Индиянын Соода жана өнөр-жай министринин орун басары айым Рита Теаотия менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар кыргыз -индия мамилелери 2015- 2016-жылдары өнүгүүнүн жаңы импульсунда жүрүп жатканын белгилей кетишти. Бул: кыргыз- индия мамлекет аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугуусу.

Тараптар Бишкек шаарында 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин төрагалыгы астында өткөн 8- кыргыз- индия өкмөт аралык комиссиянын кеңешмеси Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташуу багыттарынын перспективаларын ачыкка чыгарат жана эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелерди диверсификация жасоо мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгына ишеним артты.

Министр А. Кожошев Индиянын инвестициялык потенциалын эске алып, тоо кен, фармацевтика, энергетика, айыл чарбасы, текстиль өнөр-жайы, туризмге инвестиция салууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Индиянын Өнөр-жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу маселелеринин үстүндө иштеп чыгууну келишишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу