Жыл сайын өтүүчү ILAC/IAF 2016 аккредитациялоо боюнча эл аралык уюмдардын генералдык ассамблеясы жөнүндө

Новости
09-Ноябрь 2016-ж.
2102

2016-жылдын 26-октябрынан 4-ноябрга чейин Нью-Дели шаарында аккредитация боюнча эл аралык ILAC/IAF 2016 уюмдардын генералдык ассамблеясы болуп өттү, анда, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборунун директору Жаныбек Чапаев катышты.

ILACтын жетекчиси менен расмий эмес жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз аккредитациялоо борборунун сыноо лабораторияларын аккредитациялоо боюнча ILAC MRAны өз ара таануу боюнча Макулдашууга кол коюучу катары макамын калыбына келтирүү боюнча талкуу жүрдү.

Кыргыз аккредитация борбору тарабынан узундук, убакыт жана күч жаатында өлчөөлөрдү байкоого алууну камсыздоо боюнча документтер берилди. Аккредитация борбору берген документтерди карап чыгуу жана 2017-жылы токтотуп коюуну алып таштуу сунушун карап чыгуу үчүн ILAC тарабынан кайра баалоону жүргүзүү чечими кабыл алынды..

Аккредитация борборунун директору Ж.Чапаев ILAC лабораториялары боюнча жана аккредитация боюнча комитеттердин ишине катышты. Генералдык Ассамблеяда дүйнөнүн 100 дөн ашык мамлекеттери катышты жана ILAC/IAFтын жаңы президентин КсяоДжанхуа жана жана вице-президентин Этти Филлерди шайлашты.

Ошондой эле аккредитацияны өнүктүрүү, анын ичинде ILAC/IAFтын техникалык комитеттеринин инспекция/контролдоочу органдардын перспективалары талкууланды. Аккредитация чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу жаатында жаңы документтер кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу