Министр А. Кожошев: Кыргызстандын жаңы жашыл экономикасы дүйнө жүзүнө таанымал өлкөнүн бренди болууга тийиш

Новости
13-Ноябрь 2016-ж.
2450

Бул боюнча бүгүн 14-ноябрда КирСЕФФ программасынын презентациясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди. 2-жылдан аз аралыкта 20 млн. АКШ доллары суммасындагы долбоор ишке ашырылды, болгондо да мамлекеттин кепилдиги жок эле жеке сектордун күчү менен-бул албетте колдоого да көңүл бурууга да татыктуу көрүнүш. Ошону менен бирге каржылоо беш эсеге жогорулоосу күтүлүүдө, бул дүйнөлүк экономиканын бүгүнкү шартында жана Кыргызстандын экономикасынын катаал шартында өтө олуттуу көрүнүш.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жашыл экономика темасына өзгөчө көңүл бурат-деп билдирди –А. Кожошев.

Учурдан пайдаланып, министр жашыл экономика боюнча өз пикирин билдире кетти, ал аркылуу адамзаттын өнүгүүсүндөгү адам менен жаратылыштын өз ара биримдикте өнүгүүсү катары сыпаттап кетти. Кыргызстан өзүнүн табияты менен сыймыктанат, биздин ата-бабаларыбыз табият менен таттуу мамиледе болуп келишкен. бардык жаңылык-жакшы унутулган эски нерседен” келип чыгаарын дагы бир ирет далилдеп, ошондуктан жашыл экономика түшүнүгү биз үчүн мааниси да маңызы да жан дүйнөбүзгө жакын келе тургандыгына токтоло кетти.

Бул абалга жакындоо үчүн бир нече маанилүү максаттарды белгилей кетти:

Биринчиден, бизге Кыргыз Республикасынын экономикасында жаңы тармакты жашыл экономиканы” түзүү зарыл. Ал табигый айыл чарбасы менен байланышкан өндүрүш жана экологиялык таза энергияны өндүрүү боюнча жабдуулардын бардык спектрин тейлөө, аны өндүрүү, калыбына келүүчү энергия булактары, электр менен иштөөчү атайын техника жана автомобилдерди чыгаруу, экологиялык жактан таза чөйрөнү камсыз кылуу, өнүккөн шаардык жана транспорттук инфраструктураны камсыз кылуу ;

Экинчиден, Кыргызстан Жашыл экономика принцибинде туруктуу өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгууга аракеттенүүсү зарыл, ал үчүн эл аралык климаттык фонддордун толук укуктуу өнөктөшү болуу менен келечектеги жашыл экономика долбоорлоруна 1 млрд. АКШ долларынан аз эмес каржылоо ала алмак. Бул эскирип калган өнүгүү үчүн өнүгүү” парадигмасына альтернатива болмок.

Үчүнчүдөн, Кыргызстанда бардык мүмкүнчүлүктөр болгондон кийин , эскирген технологиялардан баш тартып,2035-жылы Борбордук Азияда толук бойдон Жашыл Экономика принциптерине өткөн биринчи өлкө болуп калууга толук мүмкүнчүлүгү бар, региондук масштабда азыркы булганыч” технологиядан артта калгандыгына карабай, бул кадам биз үчүн утуштуу болмок.

Мындай амбициялуу максаттарга жетишүү үчүн бир нече уюштуруучулук жана мыйзамдык мүнөздөгү милдеттерди чечүү зарыл:

Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмдарынын, Жашыл Экономика боюнча Кыргызстандын өнүгүү деңгээли боюнча салыштырууга мүмкүн болгон Борбордук Азия мамлекеттеринин тажрыйбаларын үйрөнүү жана Кыргыз Республикасын Борбордук Азия боюнча Жашыл Экономика маселелерин үйрөнүү боюнча аймактык борборго айландыруу.

-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эгидасы астында, Жашыл Экономика темасы боюнча координациялоочу жооптуу борбор катары, Климаттык Фонддор боюнча Катчылык түзүү зарыл.

-жашыл Экономика боюнча бийлик вертикалын жана мыйзам чыгаруу тажрыйбасын жөнгө салуу, анткени учурда бардык маселелер бир нече ведомствонун карамагына бөлүнүп кеткен. Ички маңызы боюнча Жашыл Экономика боюнча негизги маселелердин баарын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин карамагына өткөрүп берүү зарылчылыгы бышып жетилди деп ойлойм.

-учурда Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын өнөр-жай зоналары жөнүндө мыйзам иштелип чыгууда жана Кыргыз Республикасы толугу менен чарбакер субъекттер үчүн региондогу эң мыкты шарттары менен Борбордук Азиядагы жашыл технологиялар үчүн адистештирилген алгачкы өнөр-жай зоналарын түзө алат (Green Hi-techValley по аналогии с SiliconValley).

- Оптималдуу жол болуп, Кыргыз Республикасынын Жашыл Экономикасынын приоритети жөнүндө жаңы мыйзамды даярдоо жана ченемдик укуктук актынын деңгээлинде Жашыл экономиканын ыкчам жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу эсептелет..

-Актуалдуу болуп энергетикалык жактан натыйжалуу жана бардык курулуш объекттери үчүн анын ичинде жеке турак-жай курулуштары үчүн да электр тогун, жылуулукту, ысык сууну, биогазды, өз алдынча иштеп чыгуучу курулмаларды киргизүү эсептелет.

.

Бардык курулуш комплекстерине бул талаптарды аткаруусу үчүн салык салуу жана насыя берүүдө жеңилдиктерди берүүнү карап чыгуу зарыл. 2015-2030 жылдарга карата пассивдүү” үйлөрдүн (энергияны колдонбогон) милдеттүү стандарттарына жеткирүү менен жылуулук иштеп чыгарууда көмүр кычкыл газы менен абаны булгоо жана отун менен иштетүү аркылуу кубаттуу булактарга болгон муктаждыктарды азайтат, ошону менен катар энергия менен камсыз кылуудагы керектөө азаят.

- 2030-жылга карата этап менен жеке жана коллективдүү курулуштарды, бардык өнөр-жай инфраструктуралык объекттерин энергетикалык жактан натыйжалуу жана өзүн өзү энергия менен камсыз кылуучу, жылуулук менен жылуу суу менен камсыз кылуучу принциптерди ишке киргизүү зарыл. Социалдык маанидеги объекттерге өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Ошондой эле министр А.Кожошев болжолдонуп жаткан натыйжалар тууралуу маалымат берди:

- Органикалык айыл чарбасын камтыган жашыл экономика өлкөнүн ИДПсынын 35-40%ын ээлей ала тургандыгын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмдарынын өлкөлөрүнүн тажрыйбасы айтып турат. Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын келечектеги түзүмүндө Жашыл Экономиканын үлүшүнүн 25-30%га жетише тургандыгын айтса болот.

- Азыркы күндө Кыргызстан көмүртек ресурстарына жана башка пайдалуу кендерге ээ болгон коңшу өлкөлөрдөн көп жагынан артта калды. Бирок бүгүнкү күндөгү бүткүл дүйнөдөгү жашыл экономикага карата узак мөөнөттүү тренд жана жыл сайын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө АКШнын 100 млрд. долларынын бөлүнүшү Кыргызстандын «Жашыл экономикасынын» өнүгүүсүнө уникалдуу мүмкүнчүлүк бере алат: «органикалык айыл чарба – калыбына келүүчү энергия булагы – экологиялык таза өлкө – экологиялык билим берүү – өнүккөн инфраструктура – региондогу туризмден кирешелер боюнча лидер – жашоонун жогорку сапаты», башкача айтканда жашыл экономиканын эле өнүгүүсү менен жогорку кошумча наркка ээ башка тармактарды да камтып кетет .

Ошентип, дүйнөлүк сырье рыногунда баалардын жогорку тобокелдүүлүгү бар жер казынасын варвардык түрдө казбай туруп ошону менен олуттуу экологиялык кесепеттери жок эле, экологияга эң чоң зыянын тийгизүүчү айыл чарбасын пестицид, гербицид менен сыяктуу жер семирткичтер менен колдонуу аркылуу интенсификациялабай туруп өлкөнү өнүктүүгө узак мөөнөттү туруктуу тренд түптөлүүдө.

- Келечекте биз казып алынуучу отун менен жүрүүчү автоунаадан баш тартып, автопарктын электромобиль, гибриддик күч орнотуулар жана биологиялык отунду пайдаланууга өтүшүнө келебиз жана бул бир катар тармактардын динамикалык өнүгүшүнө жана инвестициялардын тартылуусуна алып келет. Жогорку CO2 чыгаруулары менен болгон автопаркты жаңы электрдик жана гибриддик автоунааларга алмаштырууга дем берүү фондун түзүү автокредиттөө рыногуна кескин өсүү мүмкүнчүлүгүн берет жана жеке өндүрүштүн жана ушул техниканы тейлөөнүн рентабелдүүлүгүн камсыз кылат. Түзүлүп жаткан GreenHi-techValley өнөр жай аймагындагы электромобилдердин моделдик катарын кеңири өндүрүү боюнча толук циклин түзүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 180 миллиондук рыногундагы жогорку технологиялык продукциясынын рыногунда бекемделишине мүмкүндүк берет.

- Андан кийинкиси – өнөр жай жана жарандык курулуштарды энерго-пассивдүү жана энерго-активдүү (энергияны колдонгонго караганда көп өндүрүшөт) объекттердин принцибине өтүүсү энергетикалык тармактагы генерацияга болгон оордугун азайтууга жана аны экономикалык өсүүгө зыян келтирбей туруп этап-этабы менен реформалоого мүмкүндүк берет. Күн менен шамалдын энергиясынан жеке генерацияны алуунун, биогаз орнотууларынан жарым-жартылай газ менен, ошондой эле жамааттык (региондук) чакан ГидроЭС, Күн ЭС жана Шамал ЭСтерден генерациянын эсебинен бир эле убакта калкты максималдуу камсыз кылуу менен гана ири өнөр жай жана инфраструктуралык объекттерди камсыздоо менен гана кубаттуу генерациянын (ГЭС, ТЭС) ролунун бекитилиши оптималдуу болуп турат.

- Заманбап технологияларды пайдалануу менен таштандыларды жана ар кандай калдыктарды жок кылуу, аймактарды массалык түрдө жашылдандыруу бир эле учурда өлкөгө кыйла актуалдуу болуп турган жаңы жумушчу орундарын түзүп берүү менен экологиялык көйгөйлөрдү чечип берүүгө мүмкүндүк берет.

Жалпысынан, Жашыл экономика субъекттери бизге, эскирген технологияларды колдонуу менен иштөөчү тармактардагы кен байлыктарды иштетүүдөгү ренттерден, коррупциядан жана жашоо деңгээлинин төмөндүгү сыяктуу Кыргызстандагы салттуу көйгөйлөрдөн тазаланган- өлкө экономикасын жаңы принциптерде куруу үчүн өнүгүү драйвери боло алат,

Өткөн кылымдын 90-жылдарындагы өлкө индустриясынын талкалануусу, жер казынасын казууда, өнөр жайында жана айыл чарбасында товардык продукцияны чыгарууда Кыргызстандын артта калуусу, булганыч” технологиялары менен ири ишканаларды курууда масштабдуу курулуштардын жоктугу жаңы азыркы жаңы экономикалык парадигмалардын шартында артыкчылыктуу болуп турат.

Министр сөзүнүн аягында - азыр жетишпегендиктерди артыкчылыкка айландыра турган убакыт келди. Кыргызстандын жаңы Жашыл Экономикасы дүйнөгө таанымал өлкөнүн бренди болуп калууга тийиш. Курчап турган чөйрө менен биримдикти ар тараптуу көрсөткөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну бизге бул жолду өнүктүргөнгө дем берип, аны ишке ашырууга үлгү боло алат -деп баса белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу