Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Новости
13-Ноябрь 2016-ж.
2588

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына Өкмөттүн 1998-жылдын 30-декабрындагы Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору иштелип чыгып киргизүүгө даярдалууда.

Өкмөттүн аталган токтом долбоору менен, ченемдик укуктук актыларды 2016-жылдын 7-июлундагы Банкроттуулук жөнүндө” Мыйзамга жана 2016-жылдын 22-июнундагы Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келтирүү үчүн, ошондой эле карызкордун мүлкүн сатууда анын турган жеринен көз карандысыз сатууга жана тооруктарды өткөрүүгө потенциалдуу сатып алуучулардын катышуусун камсыз кылуу максатында, карызкорлордун мүлкүн электрондук тооруктар аркылуу сатуу механизмин ишке киргизүү каралууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу