9001-2015 Сапат менеджментинин тутумунун ички аудитору

Новости
13-Октябрь 2016-ж.
1926

13-15- октябрда Соода көмөктөштүгү” GIZ долбоорунун колдоосу астында Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлери үчүн 9001-2015 Сапат менеджментинин тутумунун ички аудитору” темасында окуу курстары жүргүзүлөт.

Окуу курсу КР ЭМ СМБда СМКны ишке киргизүү боюнча долбоордун алкагында жүргүзүлөт. Бул курс ИСО 9001-2015 жаңы стандарттары боюнча адистердин билимдерин тереңдетип аудитти уюштуруу жана жүргүзүүнү үйрөтөт. Курс стратегиялык менеджментке негизделген ИСО 9001 эл аралык стандартынын талаптарына шайкеш келүүчү натыйжалуу башкаруу тутумун колдоо жолу менен өз уюмдарынын ийгиликтерине ишенген жетекчилер менен кызматкерлер үчүн иштелип чыккан.

Курстун программасы биринчи кезекте уюмдун төмөнкүдөй иш менен алектенген кызматкерлерине арналган, алар төмөнкүлөр:

-Сапат Менеджментинин Тутумун жетектөө (СМТ);

-Сертификаттоого даярдоодо СМТнын ички аудитин жүргүзүү жана уюштуруу;

-СМТны сертификаттоого даярдоо.

Курстун максаты- ички аудит жүргүзүүдөгү көндүмдөрдү өздөштүрүү, Сапат Менеджментинин Тутумун сертификаттоо этаптарын үйрөнүү, ошондой эле ИСО 9001:2015жылдагы эл аралык стандарттардын жаңы версиясы боюнча СМБнын регламенттеринин процесстерин жана жол жоболорун ишке киргизүү жана ички бизнес-процесстерин, функционалдык милдеттерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу