Чек арага жакын аймактарда сооданы өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө

Новости
13-Октябрь 2016-ж.
2004

Бул жөнүндө Бишкекте 12-октябрда өткөн ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп берүүчү министрлеринин Кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев Тажикстан Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри НеъматуллоХикматуллозода менен жолугушууда макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер соода статистикасындагы кайчы пикирлер маселеси жөнүндө баар алышты жана чек арага жакын аймактардагы сооданы өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүү жолу менен чек арага жакын аймактагы сооданы өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн министрлери «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жана ШКУ нун министрлеринин Кеңешмесинин аянтчасын эки тараптуу жана көп тараптуу натыйжалуу кызматташуу үчүн маанисин талкуулашты.

Министр А. Кожошев кесиптешине жолугушуу үчүн жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча конструктивдүү пикир алмашкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу