Эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын позициясынын жогорулагандыгы жөнүндө

Новости
18-Сентябрь 2016-ж.
1931

Ушул жылдын 4-16- сентябрында Moody’sInvestorsService рейтинг агенттигинин талдоочулары Кыргыз Республикасынын рейтингин баалоо үчүн визити болуп өтүү. Иш сапардын жүрүшүндө талдоочулар тарабынан өлкөнүн министрликтери менен ведомстволору, эл аралык финансы институттары, коммерциялык банктар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен жолугушуулар болуп өттү.

15-сентябрда Экономика министрлигинде министрдин орун басары Эльдар Абакировдун катышуусу менен жолугушуу болуп өттү. Министрдин орун басары өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык кырдаалдар жана жүргүзүлгөн реформалар менен тааныштыруу менен талдоочуларга жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге, 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасына келген 1,5 млрд. АКШ доллары өлчөмүндөгү, түз инвестициялардын келүү структурасы жана динамикасы жөнүндө маалымат берди.

Министрдин орун басары өткөн жылда «DoingBusiness», «GlobalCompetitivenessIndex» и «TransparencyInternational эл аралык рейтингдеринде Кыргыз Республикасынын рейтинги жогорулагандыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын «ВСП+»статусуна ээ болгондугу жана Евразия экономикалык биримдигине киргенден бери республиканын адаптациялануусу жөнүндө белгилей кетти .

Сөзүнүн аягында министрдин орун басары Э. Абакиров Moody’sInvestorsService рейтинг агенттиги тарабынан өлкөнүн рейтингин объективдүү байкоодо үзүрлүү кызматташууга үмүт арта тургандыгын билдирди.

2015-жылдын мартында Экономика министрлиги тарабынан Moody’sInvestorsService рейтинг агенттиги менен Макулдашууга кол коюлган.

2015-жылдын октябрында Moody’sInvestorsService рейтинг агенттиги Кыргызстанга расмий түрдө Туруктуу” деген В2” рейтингин ыйгарган .

«Moody’sInvestorsService» Рейтинг агенттиги рейтинг агенттигинин Чоң үчилтигине кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу