Бишкекте Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү белгиленди

Новости
18-Сентябрь 2016-ж.
2047
Бүгүн Хаят Ридженс отелинин Шайыр” конференц-залында Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өлкөнүн ишкерлери, эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Экономика министри Арзыбек Кожошев өз сөзүндө Кыргыз Республикасында эгемендүүлүк алгандан бери ишкердик ишке айрыкча көңүл бурулуп келе жатканын, жана бизнес жүргүзүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча бир катар чаралар көрүлүп келе жаткандыгына токтолуп өттү.

2015-жылдын жыйынтыгы менен чакан жана орто ишкерлик субъекттери өндүргөн продукциянын кошумча наркынын дүң көлөмү 171, 642 млрд. сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 103, 78 млрд.сомго көп, ал эми орто жана чакан ишкерликтин ИДПдагы дүң кошумча нарктын салыштырма салмагы 40,5% түзүп өткөн жылга салыштырмалуу 0.2 % жогорку көрсөткүчтү көрсөттү.

Ишкерлердин республиканын экономикасына кошкон олуттуу салымын баалоо менен, ишкерликти өнүктүрүүнүн олуттуу жана маанилүүлүгүн эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2000-жылдын 20-октябрында токтом кабыл алган, ага ылайык, ар бир жылдын 20-сентябры- кесиптик майрам катары Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү деп белгиленген.

16-жыл аралыгында Өкмөт тарабынан Ишкерлер күнүнө карата республиканын премьер-министринин катышуусунда жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. Адаттагыдай эле Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, өлкө ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн социалдык өнүгүүсүндөгү бизнес менен мамлекеттин өз ара натыйжалуу аракетин баса белгилей кетти. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн чың ден-соолук менен бакубатчылык жана ийгиликтерди каалап өттү.

Иш чаранын алкагында алдыңкы ишкерлерди Өкмөттүк жана Экономика министрлигинин ошондой эле Бишкек шаардык Мэриянын сыйлыктары менен сыйлоо болуп өттү,
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу