Чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттерге болгон минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө

Новости
13-Сентябрь 2016-ж.
1891

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн” Чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттерге болгон минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө” токтом долбоорун талкуулоого алып чыгат.

Бул токтом долбоору 2006-жылдын 21-августундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, 2002-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Мыйзамга, ошондой эле КРӨнүн 2015-жылдын 7-июлундагы токтому менен бекитилген, 2015-2020-жылдарга карата КР фискалдык саясатынын концепциясынын 4.5 бөлүмүнүн 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык иштелип чыкты.

Аталаган токтом долбоору менен 20(жыйырма) сигаретке 40-сом өлчөмүндө чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттердин минималдуу чекене бааларын белгилөө аркылуу мамлекеттин кирешесин жогорулатуу каралат, бул калктын тамекини колдонуусун кыскартуу менен ден-соолугун бекемдөөгө көмөктөшөт.

Колдонуудагы салык мыйзамында каралган сигаретке болгон акциздик салыктын ставкасын жогорулатуу КР тамеки продукциясын чекене сатууда контрафакттык тамеки продукциясынын көлөмүнүн жогорулоо, ошондой эле мыйзамсыз түрдө тамеки продукциясын ташып келүү коркунучун жаратты, бул көрүнүш ушул пайда болуп жаткан коркунучту жоюу механизмин ишке киргизүүнү талап кылат.

Сигаретке болгон чекене сатуунун минималдык баасын киргизүү менен мамлекеттик бюджет жылына 200 млн.сомго жогорулайт, ошондой эле аткезчилик жана контрафаттык ташып келүүнү токтотуу боюнча натыйжалуу контролдоо тутумун түзүүгө жол ачат.

Бул долбоор мамлекеттик мыйзамдарга каршы келбейт, жана бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт. Тиешелүү экспертиза жүргүзүүнү талап кылбайт.

Кененирээк маалымат менен ЧУАны коомдук талкуулоо рубрикасынан таанышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу