КР Экономика министрлиги тарабынан, мүлктү баалоонун улуттук стандарттарын баалоонун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүүгө багытталган

Новости
13-Сентябрь 2016-ж.
1908

2016-жылдын башынан баштап эл аралык финансы рынокторунда улуттук валютанын АКШ долларына карата бекемдөөсү байкалууда. Орточо алганда АКШ доллары 2016-жылдын 10-сентябрына карата башка валюталарга караганда0,5% арзандаган.(2014-жылы доллардын өсүүсү 16,5%, 2015-жылы -34,1 %).

Маалымат үчүн: жыл башынан тарта 2016-жылдын 10-сентябрына чейин казак теңгеси0,6%, евро-2,3%, орус рубли-12,0%, армян драмы-2,0% ж.б, Анын ичинде төмөнкү валюталардын куну түшүүдө тажик сомониси-12,6%, кытай юаны-2.9%, азербайжан манаты-5,2%, молдова лейи-0,7%.

2016-жылдын 10-сентябрына карата кыргыз сому 9,1% бекемделип, 1 АКШ долларынын расмий курсу 75,8993 сомдон -69,0255 сомго чейин түшкөн.

Өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй Программалар жана Пландар кабыл алынып ишке ашырылды:

-КРӨ жана КРУБдун 2016-жылга карат акча-насыялык жана салыктык-бюджеттик саясатынын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү( КРӨ жана КРУБдун 2016-жылдын 24-мартындагы токтому менен бекитилген);

-2012-2017-жылдарга карата КР экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн планы(КРӨнүн 2015-жыл 31-марттагы токтому менен бекитилген);

-2016-жылга карата КРӨнүн Ишеним жана биримдик” Программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин Планы иштелип чыкты, ошондой эле 2016-жылга карата Өкмөттүн кризиске каршы иш-чараларынын планы иштелип чыкты.

Мындан тышкары, улуттук валютага болгон калктын ишенимин жогорулатуу, КР экономикасынын долларга болгон көз карандылыгын төмөндөтүү максатында, улуттук валютанын жүгүртүлүүсүн тездетүүнү жогорулатуу максатында:

-КРӨнүн 2016-жылдын 18-мартындагы КРӨнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, тактап айтканда, КР аймагында соода иштерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча чаралар жөнүндө”, КР аймагында соода иштерин жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө” токтомдорго. КРӨнүн бул токтомуна ылайык, соода жүргүзүүдө, жумуштарда жана кызмат көрсөтүүдө, анын ичинде кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер, автомобиль дилерлери, жалпыга маалымдоочу каражаттар, жайларды ижарага алуу, интернет-провайдерлер, авиакомпаниялар, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөгү акчалай милдеттенмелердеги баалар, тарифтер жана прейскуранттар өлкөнүн улуттук валютасында гана көрсөтүлүүсү;

-2016-жылдын 1-февралындагы КРӨнүн буйругу менен кабыл алынган транформация механизми иштелип чыкты жана доллар боюнча берилген ипотекалык насыяларды сомго которуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Мамлекеттик колдоо- Кыргызстандын жарандарына, жеке жактарга АКШ долларында турак жай сатып алуу үчүн (ипотека) берилген насыялардын негизги суммасы боюнча карыздарын КРУБдун 2015-жылдын 1-июлундагы расмий курсу боюнча ( 1-АКШ доллары-62,14 сом) конвертациялоо каралган. Жалпысынан 2864-адамга 3.1 млрд.сом өлчөмүндөгү ипотекалык насыялар конвертацияланды же чет элдик валютада карыз алган ипотекалык карызкорлордун жалпы санынан 69% . 2015-жылдын 1-июлундагы алмаштыруу курсу менен буйрук чыккан датадагы алмаштыруу курсунун ортосундагы айырмачылык республикалык бюджеттен субсидияланып, ал 574-млн.сомду түздү.

-улуттук валютаны бекемдөө жана Өкмөттүн 2015-жылдын 15-январындагы токтому менен бекитилген Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” программасын ишке ашыруу боюнча КРӨнүн иш аракеттеринин Планына кирүүчү бардык эсептешүү операцияларында улуттук валютаны жүгүртүү жаатында мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган иш чаралардын тизмеси иштелип чыкты.

-кызыктар министрликтер менен ведомстволор менен биргеликте улуттук валютаны КР аймагында жүргүзүлүүчү бардык эсептешүү операцияларында колдонууга тоскоол болуучу ченемдик-укуктук актыларды ревизиялоо жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн жумуштардын натыйжасында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизиле турган ченемдик укуктук актылардын тизмеси аныкталды. Тиешелүү маалымат КРӨА га жиберилди.

-чет элдик валютага болгон калктын муктаждыгын жоюу максатында жана КР экономикасын доллардын таасиринен ажыратуу максатында Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул долбоор Өкмөттүн 2016-жылдын 31-майындагы токтому менен жактырылып белгиленген тартип боюнча Жогорку Кеңешке киргизилген. Бул мыйзам долбоору төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү карайт: Граждандык кодекске, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекске, Жарнак жөнүндө” Мыйзамга, Мамлекеттик сатып алуулар боюнча” Мыйзамга.

Мындан тышкары, үзгүлтүксүз түрдө, коомчулукка валюта рыногунда болуп жаткан кырдаал, көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилип турат жана улуттук валютага калктын ишенимин жогорулатуу боюнча маалыматтык компаниялар жүргүзүлүп турат.

Ар бир апта сайын Экономика министрлигинин сайтында негизги тамак-аш продуктыларынын баалары жөнүндө маалымат жайгаштырылып турат. Ошондой эле ар бир ай сайын КР азык-түлүк коопсуздугу үчүн баалардын мониторинги жарыяланып турат.

Экономика министрлиги валюта рыногундагы кырдаал жөнүндө жана экономиканы доллардын таасиринен ажыратуу боюнча жүргүзүлгөн чаралар жөнүндө калкка телевидение жана радиодон басмадан маалымат берип турат. Улуттук статистика комитети күн сайын республикадагы негизги тамак-аш жана тамак-аш эмес продуктыларынын баалары жөнүндө маалымат берип турат.

Монополияга каршы агенттик өз компетенциясынын чегинде, ири азык-түлүк рынокторунда азык-түлүккө болгон баалардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө максатында үзгүлтүксүз түрдө тиешелүү жумушчу жолугушууларды өткөрүп турат. Мындан тышкары, Улуттук банк тарабынан төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:

-чет элдик валютаны сатып алуу сатуу боюнча валюталык интервенция жүргүзүлүп турат(2016-жылдын 10-сентябрына карата 46-валюталык интервенция жүргүзүлдү; сатып алуу боюнча 24- 175,07 млн.доллар суммасында. Жана сатуу боюнча -22 –операция жүргүзүлүп-118,13 млн.АКШ доллары сатылды ( анын ичинде, сентябрь айында гана 9,95 млн.АКШ доллары суммасында 1 интервенция жүргүзүлдү).

-эсептик ставканы өзгөртүү

-эсептик ставканын өзгөртүлүүсү (маалымат үчүн: 2016-жылдын 29-мартына чейин эсептик ставка 10,0% түзсө, апрель айынан тарта -8,0%, жана2016-жылдын 31-майынан баштап 6% га чейин төмөндөтүлгөн (КРУБдун Башкармалыгынын 30.05.2016-ж токтомуна ылайык ) .

2016-жылдын январь-августунун жыйынтыгы боюнча, инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөөчү баалардын индекси 97,3 % түздү(өткөн жылдын декабрынан 2016-жылдын августуна чейин). Инфляциянын жылдык орточо мааниси( 2015-жылдын январь-августунан тарта 2016-жылдын январь-августуна карата 100,8 % түздү) .

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу