Министрлик тарабынан улуттук баалоонун Стандарттарын эл аралык баалоо стандарттарына шайкеш келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №217 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыккан.
Өкмөтүнүн ушул чечими КР экономика министрлигине караштуу баалоо ишмердигин өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынында жактырылды.
2016–ж. 26-августунда жогоруда көрсөтүлгөн долбоор КР Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизилген.