Экономика министрлиги Москвада курман болгон мекендештердин жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт

Новости
28-Август 2016-ж.
1873

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Россия Федерациясынын Москва шаарында өрттөн курман болгон Кыргызстандын жарандарынын, мекендештердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!

Урматтуу ата-эне, бир тууган, уул-кыздар! Сиздердин кайгыңыздар бардыгыбыздын кайгыбыз! Кайрат кылыңыздар! Курман болгон мекендештерибиздин жаркын элестери ар дайым жүрөктөрдө сакталат! Бул биздин жалпы кайгыбыз!

Аза күтүү акциясына кошулуп, Экономика министрлигинин жааматы Москвадагы өрттөн каза тапкан жарандардын үй-бүлөсүнө бир жолку каржылай жардам берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу