Министр А. Кожошев: Экономикалык өнүгүүдөгү жаңы чакырыктар

Новости
31-Июль 2016-ж.
2493

""1 августа Ош шаарында өтүп жаткан Мекендештер” деген форумунда КР экономика министри Арзыбек Кожошев баяндама менен буйрулду.

Бүгүнкү күндө биздин мекендештер дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө эмгектетип, билим алып, жашап жатышат. Келечекте, менин оюмча, дүйнөлүк экономиканын ааламдашуу шарттарында глобалдык миграциялык процесс уламдан-улам жогорулайт деп ойлойм.

Бул процессте Кыргызстан үчүн көптөгөн позитивдүү аспекттер бар. Баарынан мурда, бул элдер арасында достук мамилелерди чыңдоо, жаштардын жогорку сапаттагы билимди алышы жана жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу. Мындан тышкары, учурда эмгек миграциясы жылына Кыргызстанга 1,4 млрд. АКШ долл. Трансферттердин агымын камсыздайт, бул мамлекеттик бюджеттин болжол менен 75% түзөт .

Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргызстан, өткөн жылы, экономиканы жакшыртууга жана товарлар, кызматтар, капитал жана жумуш күчү эркин жүгүртүлгөн 180 млн. рынокко чыгуу мүмкүндүгүн алуу үмүтү менен Евразия экономикалык бирлигине кошулган.

Бирок, дүйнөдөгү экономикалык кырдаал, бүгүнкү күндө да чыңалган бойдон калууда. Дүйнөлүк экономикалык өсүшүнүн перспективалары бүдөмүк, анткени экономикалык тобокелдиктер саясый белгисиздик менен күчөтүлүүдө. 2015-жылы эле глобалдык экономика болжолдонгон 3,5% салыштырмалуу 2,5% басаңдады. Экономиканын өсүшүнүн азайуу темпи дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдү камтыды, анын ичинде ЕАЭБдин өлкөлөрү да бар жана Кыргызстандын да экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.

Буга карабастан, мындай кыйла жагымсыз шарттарда да, кыргыз экономикасы сыноолордон татыктуу түрдө өтүп жатат, 2015-жылы экономикалык өсүштүн оң темпи 3,5% деңгээлинде жана ЕАЭБге кошулуунун татаал жол-жоболорунун жана жаңы шарттарга адаптациялоонун фонунда 2016-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 1,2% деңгээлинде сакталды.

Бүгүнкү күндө, урматтуу мекендештер, дүйнөлүк экономикадагы глобалдык кризистин, өлкөнүн ЕАЭБ региондук экономикалык интеграцияга кошулуу фонунда, биз, баарыбыз бирге биригип өлкөнүн өндүрүштүк жана экспорттук потенциалын жогорулатуу жана ЕАЭБ рыногунун кеңири мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен реалдуу өндүрүштү диверсификациялоо аркылуу экономикалык өнүгүүнүн жаңы форматына өтүшүбүз керек .

Бул маселени чечүүдө экономиканын бардык артыкчылыктуу тармактарындагы жана бардык региондордогу ата-мекендик бизнес локомотив болушу керек, буга энергетикалык сектор жана тоо-кен казуу, айыл чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш сектору жана кызматтардын заманбап түрлөрү да кирет.

Геосаясый чыңалуунун жана активдүү ишмердүүлүктүн азайуу фонунда өлкөдө бизнести өнүктүрүүнүн шарттарын жакшыртуу үчүн, Өкмөт, кандай аракеттерди көрдү?

Биринчиден, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу багытында чоң жылыштар болду.

Бул багыттагы айрыкча маанилүү болгон 10 гана натыйжаны белгилеп кетейин:

1) учурда бизнести каттоо болгону 2 гана жол-жобону караштырат;

2) Дүйнөлүк банктын отчётунун маалыматтары менчикти каттоонун жеңилдиги боюнча биздин өлкө дүйнө-жүзү боюнча 6 орунда турат;

3) уруксаттардын жана лицензиялардын саны 500дөн 98ге кыскартылды;

4) «унчукпаганы – макул болгону» принциби киргизилди;

5) текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү эки эсеге- 30 жумуш күнүнөн 15ке чейин, чакан бизнес субъекттери үчүн – 5 жумуш күнүнө чейин кыскартылды;

6) контролдоочу маморгандардын саны 21ден 13кө кыскартылды;

7) «proverka.kg» бирдиктүү веб-портал түзүлдү;

8) тобокелдиктердин критерийлери жана текшерүү баракчалары киргизилди;

9) укук коргоо органдары тарабынан ишкерлердин ишин текшерүүгө тыюу салынды;

10) мамлекеттик кызматтардын саны 20 миңден 398 кыскартылды.

Экинчиден, фискалдык реформалардын натыйжасында, Кыргызстанда региондогу айрыкча либералдуу салык режими түзүлдү:

""

Пайдага салыктын жана киреше салыгынын 10% жана КНС 12% ставкасы Казакстандагы, Тажикстандагы, Өзбекстандагы жана Кытайдагы ушуга окшош ставкалардан айрыкча айырмаланып турат.

биз 2015-жылы эле мындан аркы либералдуу кадамга барганбыз, бул Сатуудан салыкты этап менен жокко чыгаруу жолу менен салыктык жүктү төмөндөтүү болду.

КНС каттоо чегинин өлчөмү 4,0 млн. сомдон 8,0 млн. сомго чейин көтөрүлдү;

Накталай эмес формада төлөнгөн, товарларды, иштерди жана кызматтарды сатууда салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча бирдиктүү салыктын ставкасы эки эсеге төмөндөтүлдү ( 6% дан 3%);

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары үчүн колдонуудагы жеңилдиктер сакталуу бойдон калды (КНС жана пайдага салыктан бошотуу);

Салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү үчүн төмөнкүдөй иштер аткарылды:

Камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берилди;

Төлөө жол-жоболору жана отчеттуулукту берүү мөөнөттөрү чакан жана орто бизнес үчүн кварталдык негизге которулду;

Жана Салык кызматынын расмий сайты аркылуу электрондук салыктык отчеттуулукту берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн системасы киргизилди (акысыз негизде).

Үчүнчүдөн, бизнестин субъекттеринин финансы ресурстарына жетишүүсүн жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй маселелер чечилди:

1) Кыргыз-Россия өнүгүү фонду, 2015-жылдын 3-сентябрынан баштап, «РСК Банк» жана «Айыл банк» аркылуу ишкерлерге 3 миллион долларга чейин кредиттерди бере баштаган. Учурда 84,3 млн. АКШ долларына кредиттер берилди.

2) жана, Фонд тарабынан айыл чарбасындагы жана жеңил өнөр жайындагы ири технологиялык долбоорлорго түздөн-түз 10,5 млн. АКШ долл. жактырылган. Ушул эле кредиттерден болжол менен 400 кошумча жумуш орундарынын түзүлүшү күтүлүүдө.

Азырынча чечилбей жаткан, негизги көйгөй бул ишкерлердин арзан жана узун акчаларга жетишүүсүн жакшыртуу болуп саналууда.

Биздин, жакынкы арадагы бул багыттагы пландарыбыз төмөнкүдөй:

1) ишкерлер тарабынан кредиттерди алууда кошумча күрөөнү камсыздоо үчүн кепилдик фонддорун капиталдаштыруу механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү. Биз, Азия өнүгүү банкынан 3 млн. АКШ долларына жакын каражатты тартуу үчүн алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк; мындан тышкары Россия-Кыргыз фондунун каражаттарын кошо алганда башка дагы булактар боюнча иштерди алып барып жатабыз;

2) ошондой эле, биз, Кыргыз-Россия фондунун менчик капиталы боюнча талаптарын 20%дан 15% чейин төмөндөтүү, кредиттөө мөөнөтүн көбөйтүү жана Фонддун каражаттарын кайра каржылоо мүмкүндүгүн демилгелеп жатабыз,

3) Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар аркагында чакан жана орто бизнестин продукцияларын жеткирүү үчүн квоталарды киргизүү пландалып жатат.

Укук коргоо органдарынын чарбакер субъекттердин ишине мыйзамсыз кийлигишүү көйгөйүн чечүү алкагында Мамлекет Башчысы тарабынан 2016-жылдын 15-мартында ишин укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишмердүүлүгүн текшерүүдө бизнестин субъекттерин укуктук коргоо боюнча Жарлыкка кол коюлган.

Ошондуктан, биз, учурда, мындай кийлигишүүнү чектөөчү катуу механизмди киргизип жатабыз. 2015-жылдан баштап эле, биз, жөнгө салуучу реформаны баштаганбыз, ал бизнести жүргүзүүгө жолтоо түзгөн тоскоолдуктарды аныктоого багытталган. Бул реформанын жүрүшүндө биз пайдасы жок ченемдик актыларды аныктап, жана аларды «гильотина» принцибин колдонуу менен жокко чыгарып жатабыз.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБ рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн гана албастан, Европа союзунун рыногуна да жеткиликтүү боло алды, биз ал жакка Преференциялардын жалпы системасы (ВСП+) программасы аркылуу товарлардын 6000 түрүн экспорттой алабыз, Европа союзу бул артыкчылыкты 2016-жылы Борбор Азиядан Кыргызстанга гана берген.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин мүчөлүгүнө жана ВСП+ статусуна ээ болуу менен экономиканын жана калктын кирешелеринин темпинин жогорку өсүшүнө ээ болгон БРИК алдыңкы өлкөлөрүнө пайдалуу географиялык абалда жайгашуусу менен жакын болуп маанилүү артыкчылыктарга ээ болуп жатат.

Биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн ушул татаал этабында, дүйнө-жүзү глобалдык саясый жана анын натыйжасында экономикалык соккуларга дуушар болуп жаткан учурда, биздин өлкөнүн ЕАЭБ кошулуу этабында, биздин мамлекеттин өнүгүүсүндө негизги ролду – Сиздер - анын ичинде чет өлкөдө эмгектенип жаткан биздин мекендештер ойношубуз керек, анткени Сиздер, дүйнөнүн бардык булуң бурчунда, ар түрдүү тармактарда иштөө менен, рынокко керектүү бизнес жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын, коммуникациялык жөндөмдөрдү үйрөнүү менен, биздин өлкөдө жаңы идеяларды, заманбап башкаруу системаларын жана инновациялык технологияларды киргизүүгө көпүрө болуп жатасыздар.

Белгилеп кетчү нерсе, биздин калктын тапкычтыгынан жана республикага кайтып келген, ишканаларды жана бизнестерди ачып жаткан мигранттардын тажрыйбасынан улам, туристтик сектор, тигүү тармагы, кызмат көрсөтүү сектору, ресторан бизнеси, соода жана дагы башка тармактар динамикалуу түрдө өнүгүп жатат.

Ошондуктан, Сиздер инвестиция салуу, алган билимиңерди жана бизнестин жаңы түрүн ачуудагы алган тажрыйбаңарды колдонуу, биздин товарларды башка өлкөлөрдүн рыногуна алып чыгуу жана ошону менен өлкөнүн инвестициялык жана ишкерлик жагымдуулугун арттыруу жолу менен биздин экономиканын өнүгүүсүндө активдүү катыша аласыздар жана катышыңыздар керек.

""Дуйнөлүк тажрыйбаны карасак, мигранттар өз мамлекеттеринде эң туруктуу инвесторлорго айланышат, себеби дегенде алар эне жеринин тилин, маданиятын жана улпөт адаттарын билишет. Ошол эле убакта, мигранттык үй-бүлөлөр жашап иштеген жеринде ийгиликтүү иш алып барышат – алардын арасында сөзсүз мыкты саясатчылар, бизнесмендер, инженерлер жана мугалимдер чыгат.

Айтоор нерсем, батыш мамлекеттеринде финансылык каражаттарды жеңилдетилген шарттарда берүүчү ар кылдуу инвестициялык инструменттер иштейт. Бул деген Америка жана Швейцариядагы Опек (OPEK) жана (OBVIAM) деген программалар. Ошол мамлекеттерде жашаган биздин кыргыз жараандары да ошол-сымал инструменттерди колдонууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Биздин министирлик да ушул программалардын алкагында инвестициялык парнерлорду табууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөнгө даяр.

Мигрантардын укуктарын коргоо – бул да олуттуу суроолорду бири болууда. Ошол иштеген жат өлкөлөрдө кыргыздар жумушка кирээрде жана социалдык тейлөөлөрдү колдонууда көптөгөн кыйынчылыктарды көрүшөт.

Биздин министирлик кыргыз жарандарынын тышкы мамлекеттерде кызмат көрсөтүүнү экспорттоодо укуктарын коргогонго баардык болгон эки- жана көп-тараптуу инструменттерди колдонго даяр.

Кыргызстандын келишимдик жана укуктук базасы, Дүйнөлүк соода уюмун жана ЕАЭБдин алкагындагы кызмат көрсөтүүнү эркин өткөрүүдө мүчө-мамлекеттердин көптөгөн милдеттемелерин камтыйт. Биз ошол келишимдердин аткарылышын талап кылабыз.

ЕАЭБдин алкагында мүчө-мамлекеттердин ишкерлеринин кызмат-көрсөтүүсүн 43-экономикалык тармактарда максималдуу эркин өткөргөнгө укугу бар. Бул ишкерлер атайын юридикалык мекемени түзбөй эле иштеп баштаганга укутуу жана лицензияларды, уруксаттарды жана квалификацияларды өз-ара таанууга укуктары бар.

ДСУ (Дүйнөлүк соода уюмунун) алкагында да ар бир ДСУнун мүчө мамлекеттеринин жарандары башка мүчө мамлекеттеринин ишкерлерине улуттук режимин сунуштоого мажбур.

Биздин Кыргызстан болсо ушул ДСУнун тең укутуу мүчөсү, жана жогоруда айтылган биздин жарандардын укуктарын коргоого даяр.

Коомдун өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика тармактарын өнүктүрүүдөгү, туризм жана экспортту илгерилетүүдөгү эң активдүү жана алдыңкы бөлүгү катары- Сиздер да, биз да мындай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана билишибиз керек.

Сиздердин колуңуздарда Кыргызстандагы бизнести алып баруунун зор ийгиликтери гана эмес, өлкөнүн экономикасынын негизги секторлоруна чет өлкөлүк инвестицияларды тартып келүү мүмкүнчүлүгү турганын белгилей кетким келет.

Анткени, Сиздер гана чет өлкөдө жашап жана иштөө менен барган өлкөдөгү бизнести алып баруунун өзгөчөлүгүн жана менталитетти билесиздер, анткени, ошол өлкөлөрдөгү инвесторлор, Сиздерге гана ишенишет, анткени, Сиздер гана ишканалардын жетекчилери жана Кыргызстан сыяктуу өлкөгө инвестициялоо чечимин кабыл ала турган адамдар менен жолугуша аласыздар.

Азыркы учурда, өлкөнүн визалык жана аба режимин мындан ары либерализациялоо, өнөр жай зоналарын, чакан гидроэнергетика чөйрөсүн реформалоо жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу иштери боюнча жүргүзүлгөн реформаларды эске алуу менен инвестициялоонун жана экономиканын ушул секторлорунда бизнес жүргүзүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү боло тургандыгын кошо кетким келет.

Биз, өлкөнүн экономикасын өнүгүүнүн жаңы деңгээлине алып чыгууну каалагандай эле, Сиздердин Кыргызстандын экономикасына катышууңуздардын сапатын жакшыртууну каалайбыз. Сиздер чет жактан иштеп тапкан каражаттардын керектөө максаттарына гана сарпталбастан, биздин экономиканын секторлорунун өнүгүүсүнө да инвестицияланышын каалайбыз.

Биз, Сиздер менен биргеликте, биздин балдарыбыздын жана жакындарыбыздын келечеги тууралуу, миграция агымын кантип токтотуу керектиги, Кыргызстанда кандай жол менен жумуш орундарын түзүү керектиги, калктын жашоо деңгээлин жана сапатын, Сиздер иштеп келип жаткан өлкөлөрдүкүнөн да кантип жогору кылуу тууралуу ойлонушубуз керек.

Ар бир мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды ишке ашырууда, ар бир ийгиликтин артында адамдар турат. Бир адам деле бир нерсени өзгөртө алышы мүмкүн, бирок адамдардын бардыгы тең аракет кылышы керек. Өз мезгилинде Американын Президенти Джон Кеннеди: «Менин өлкөм мага эмне кылып бере алат деп сураба, мен өз өлкөм үчүн эмне кылып бере алам деп сура» деп таамай айтып кеткен. Жана бүгүн, биздин өлкөбүз- Кыргызстан - Сизге муктаж. Биз, чет өлкөлөрдө жашап, ал жактан алган Сиздердин тажрыйбаңарга жана билимиңерге айрыкча муктажбыз. Биздин өлкөнүн келечегин бирге кура турган адамдарга муктажбыз.

Биз, бүгүнкү окуяга чоң маани беребиз жана бул Форум андан аркы диалогду жана кызматташууну өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча катары кызмат кыла ала турганына үмүтүбүз чоң.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу