Министр А. Кожошев: Экономикалык өсүүдөгү терс тенденцияларды кыскартуу жөнүндө

Новости
28-Июль 2016-ж.
1900

Ошондуктан ушул көйгөйдү чечүү үчүн мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы Улуттук статистика комитети менен биргеликте ушул маселе боюнча сунуш даярдаса максатка ылайык болот эле.

2016-жылы 1-июлдан баштап Россия Федерациясынын Президентинин Указы менен Россия Федерациясынын аймагынан транзит менен өтүп жаткан Европа мамлекеттеринен Кыргызстан үчүн келе жаткан товарларды ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналардын, эгер алардын ГЛОНАСС системасы жок болсо алардын өтүүсүнө тыюу салынган. Бул маселе да биздин ишкерлерге бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Ошондуктан биздин транспорт министрлиги бул маселени чечүү боюнча Россия тарап менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, же болбосо альтернативдик маршруттарды издөө зарыл деп эсептейм.

Бул маселе боюнча урматуу Премьер-министр Сиздин тапшырмаңыз боюнча экономика министрлиги Россия Федерациясынын экономика министринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын Өкмөтүнө жөнөтүлүүчү каттын долбоору Өкмөттүн Аппаратынап киргизилди.

Дагы бир орчундуу маселе бул жаңы түзүлгөн өнөр-жай, энергетика жана тоо кен боюнча мамлекеттик комитет бул тармакты өнүктүрүү боюнча, бизнес чөйрөсү менен биргеликте өнөр жай тармагын ЕАЭБ шартында иштөөсүн эске алуу менен Концепция иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейбиз.

Анткени өнөр-жай тармагын мурда бир топ мамлекеттик органдар көзөмөлдөп, бирдиктүү саясат жок эле, азыр бардык маселелер бирдиктүү бир органда каралат.

Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес чөйрөсү менен биргеликте кен байлыктарын иштетүүдө жергиликтүү калктын жана кен казып жаткан инвесторлордун кызыкчылыктарын шайкештирүү боюнча иш алып барыш керек.

Жогоруда мен негизги көйгөйлүү гана маселелерге токтолуп кеттим.

Алдыда бир топ оор маселелер турат, калкыбыз жана ишкерлер өндүрүлгөн продукцияларды Евразиялык экономикалык биримдик мамлекеттерине тоскоолдуксуз сатууну камсыз кылууну суранып жатышат.

Ал үчүн бардык мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдар биринчи иретте жакында бекитилген 2016-жылга Өкмөттүн иш чаралар Планын, Өкмөттүн ар кандай жыйындарында берилген тапшырмаларды толугу менен, өз убагында аткарууну камсыз кылуусу керек. Ошондо гана жылдын жыйынтыгы менен максатуу көрсөткүчтөргө жетише алабыз жана элдин алдында жүзүбүз жарык болот деп ойлойм.

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу