Министр А. Кожошев: «Кепилдик фонду» ААК түзүү жөнүндө

Новости
28-Июнь 2016-ж.
2271

2016-жылдын 29-июнунда саат 10:00дө КР Экономика министрлигинин Конференц залында министр Арзыбек Кожошевдин катышуусу менен «Кепилдик фонду» ААК түзүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг болуп өтөт.

Министр А. Кожошев белгилеп кеткендей, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инструменттеринин бири финансыларга жетишүү болуп саналат. Бирок, банк системасынын күрөөгө болгон талаптары жогору жана кредиттин суммасынан 120% кем болбошу керек. Бул чакан жана орто бизнес үчүн, айрыкча региондордо, аткарууга кыйын маселе болуп саналат жана алардын көпчүлүгү ушул себептен кредит ала алышпайт.

Көз карандысыз баалоо боюнча банктарга кредит алуу үчүн кайрылган ишкерлердин 40-50% күрөөсү жетишсиз болгондуктан, кредит ала албай жашытат. Айрыкча, айыл жергесиндеги күрөөнүн наркы банктар тарабынан төмөн бааланат. Бул экономиканы жана ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтпөйт.

Ушул көйгөйдү чечүү үчүн 2011-жылдан бери, региондук кепилдик фонддору түзүлүүдө, алардын негизги функциясы кредиттин керектүү суммасын алуу үчүн ишкерлердин ордуна банктарга кепилдик берүү болуп саналат. Кыргызстанда 6 региондук кепилдик фонду иштеп жатат, алар: «Ош», «Жалал-Абад», «Сарай», «Кара-Балта», «Каракол» жана «Кант».

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирликке кошулуусу товарларды Евразия экономикалык бирлигининин рынокторуна экспорттоо үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берди. Ишкерлердин экспортун кеңейтүү үчүн республикада колдонулгандан да чоң кепилдиктер керек, анткени экспортёрлордун көпчүлүгүндө кредиттин керектүү суммасын алуу үчүн жетиштүү күрөө жок.

Мындан тышкары, экономиканын масштабы, кредиттин орточо суммасы, товарларды өндүрүү үчүн сырьёнун жана материалдардын наркы жыл сайын өсүүдө, бул өз кезегинде Кепилдик фонддорунун кепилдиктеринин орточо суммасынын өсүшүнө алып келүүдө.


""
""
""
""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу