“Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө” жаңы методикасы кабыл алын

Новости
21-Июнь 2016-ж.
1964

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна системалуу баалоо жүргүзүүнү ишке ашыруу, ошондой эле түпкү жыйынтыктарга жетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө” 2016 – жылдын 17 – июну № 329, жаңы токтом кабыл алынган:

Буга чейин ушул чөйрөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүдөй токтомдор кабыл алынган:

- 2012-жылдын 17-февралындагы №105 Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө”;

- 2015-жылдын 29-январындагы №30 Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-райондордун акимдеринин ишин баалоо жөнүндө”.

2013-2015-жылдары баалоо жүргүзүү тажрыйбасы параллелдүү иштеп жаткан, баалоонун айрым методикаларын консолидациялоо жана мамлекеттик органдарды жана алардын жетекчилерин баалоонун бирдиктүү методикасын иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөткөн.

Сунушталган бирдиктүү Методиканын долбоорунда баалоо жүргүзүүнүн топтолгон тажрыйбасы, министрликтер менен ведомстволордун эскертүүлөрү жана сунуштары эске алынды.

Сунушталган Методиканын өзгөчөлүгү:

- ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн иш-аракетинин ар жылдык планынын максаттуу көрсөткүчтөрүнүн индикаторлоруна, алардын маселелерин чечүүдө жана чараларын ишке ашырууда аткаруу бийлик органдары жооптуу аткаруучулар же кошо аткаруучулар болуп чыгышат, ошондой эле аткаруу бийлик органдарынын жетекчилеринин (жеке планындагы) иш-чараларга негизделет;

- тышкы баалоолорду колдонууну улантуу- Калктын ишеним индекси”;

- баалоо индикаторлорунун пландык жана иш жүзүндөгү маанилерин иштеп чыгууну бирдейлештирүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынын 2016-жылдын 25-апрелиндеги №11 протоколуна ылайык Өкмөт тарабынан чечим кабыл алынган, ага ылайык 2016-жылы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана алардын жетекчилеринин ишин баалоо баалоонун жаңы консолидацияланган методикасы боюнча жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу