Мыйзам долбоору менен “контролдук баалардын минималдык деңгээли” киргизилүүдө

Новости
17-Май 2016-ж.
1994

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы токтому менен Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске)” Мыйзам долбоору киргизилген.

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан ички рынокту абийирсиз ишкерлерден өз мезгилинде жана натыйжалуу коргоо үчүн жана баалардын өзгөрүүсүнө ыкчам чара көрүү үчүн контролдук баалардын минималдуу деңгээлин киргизүү жолу менен ишкер субъекттерге бирдей атаандаштык шарттарды түзүү максатында киргизилген.

2015-жылдын 12-августунан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн аймагына ташылып келе турган товарларга карата алып келүүдөгү жол-жоболоштуруу жеңилдеп, анын натыйжасында абийирсиз салык төлөөчүлөр үчүн айрым ташып келип жаткан товарлары боюнча өз салыктык милдеттенмелерин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Натыйжада азыркы учурда ички рынокто товарларды сатуу боюнча жүгүртүүлөрдүн көлөмү олуттуу түрдө төмөндөдү, бул мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө келип түшө турган каражатты азайтып ошол эле мезгилде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн бирдей болбогон шарттар түзүлөт.

Мындан тышкары, 2016-жылдын 11-январынан Казакстан Республикасы ДСУ га кошулуусу менен 1347 товардык позиция боюнча, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине салыштырмалуу алып келүүдөгү бажы пошлиналарынын төмөнүрөөк ставкасы колдонула баштады.

Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн, бардык ишкер субъекттерге бирдей атаандаштык шарт түзүү үчүн жана ички рынокту коргоо үчүн, мыйзам долбоору менен контролдук баалардын минималдык деңгээли” деген түшүнүк киргизилүүдө.

Анын ичинде баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмү жана аныктоо тартиби жана контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу Өкмөт тарабынан белгиленет, бул республиканын аймагында товарларды жүгүртүлүүсүнүн башкарылбаган төмөндөөсү менен натыйжалуу жана ыкчам күрөшүүгө жол ачат.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу баа түзүү жаатында абийирсиз ишкердик жүргүзүүнү жокко чыгарат, ошондой элекыргыз Республикасына импорттолуп келүүчү товарлардын бааларынын негизсиз төмөндөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз түрдө мониторинг жүргүзүүгө жол ачат.

Учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуу режиминде турат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу