Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору болуп Алымбек Орозбеков дайындалды

Новости
16-Май 2016-ж.
1961

Бүгүн Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин коллективине жаңы директор-Орозбеков Алымбек Асылбекович тааныштырылды.

Министрликтин аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө министр Арзыбек Кожошев, тиешелүү буйрукка 2016-жылдын 17-майында №279 өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгонун билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин А. Орозбеков Инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын начальниги кызмат ордун ээлеп келген.

Министр А.Кожошев, А.Орозбековду куттуктап жатып Агенттиктин коллективинин жана Министрликтин атынан дайындалып жаткан директордун жогорку кесипкөй адистигине жана мамлекеттик кызматтагы чоң тажрыйбасына баа берди. Ошону менен бирге, башкаруу жөндөмү, жаштык жигери, жана уюштуруучулук сапаты менен ишеним артылып берилген кызматты мыкты алып кетүүсүнө ишеним артты.

РЕЗЮМЕ

Аты-жөнү: Орозбеков Алымбек Асылбекович

Дата рождения: 1982 –ж 25 сентябрь

Кыргызстан

Билими:

1999 – 2004ж-

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Интеграциялар жана Эл аралык билим берүү программалары институту,

Факультет:Эл аралык экономикалык байланыштар.

Билими: адис

2009-2011-ж Кобе Мамлекеттик университети, Япония, Эл аралык кызматташуу жаатындагы жогорку мектеп.

Эл аралык экономикалык кызматташуу жана политология факультети.

Билими: Магистр

Иш тажрыйбасы:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Инвестициялар жана МЖӨ башкармалыгы

2015-жылдын апрелинен -2016-жылдын майына чейин –Инвестициялар жана МЖӨ башкармалыгынын начальниги.

2013-жылдын сентябрынан- 2015-жылдын апрелине чейин

Тышкы жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы

2012-жылдын октябрынан -2013-жылдын сентябрына чейин-Инвестиция саясаты жана МЖӨ бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу

2012-жылдын мартынан 2012-жылдын октябрына чейин инвестицияларды илгерилетүү бөлүмүнүн эксперти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Канценяриясынын алдындагы актыларды чыгаруу жана котормо сектору

2008 –ж –апрелинен 2009 –жылга чейин . – Референт.

2008 -ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчиси” класстык чини ыйгарылды.

Улуттук Статистика комитети. Эл аралык кызматташуу бөлүмү.

2008-жылдын январынан . 2008-ж апрелине чейин. - башкы адис

С мая 2005-ж майынан 2008-ж январы - жетектөөчү адис

2006-ж-27 апрель. - квалификациялык экзамендин жыйынтыгы менен «Мамлекеттик кызматтын кенже инспектору».чини ыйгарылды

2007-ж,24 декабры -. квалификациялык экзамендин жыйынтыгы менен - « 3-класстагы мамлекеттик кызматтын инспектору».

Билген тилдери: Кыргыз (эркин), орус (эркин), англис(эркин), Япон (баштапкы).

Кошумча маалымат: Швециянын Статистикалык офисине СИДА долбоорунун алкагында Маалыматтык технология” компоненти боюнча окуу визити, Февраль 2006-жыл, Стокгольм, Швеция.

Норвегиянын Статистикалык офисине маалыматтык технологиялар инфраструктурасы, программалык камсыздоонун ачык булактарын пайдаланууну үйрөнүү максатында окуу визити. Февраль 2008-ж, Осло, Норвегия.

Тике чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын потенциалын бекемдөө боюнча коучинг жана консультациялык кызматы боюнча окуу семинары.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу