Тикелей чет элдик инвестицияларды тартуу жана алга жылдыруунун ийгиликтүү тажрыйбалары жөнүндө

Новости
15-Май 2016-ж.
2363

Бүгүнкү күндө дүйнөдө чет элдик капитал үчүн чоң атаандаштык байкалууда жана туруктуу өсүү менен өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн ар бир өлкө өз тарабына инвестиция тартууга бардык аракеттерди көрүп, далаалат жасашууда.

Мындай кырдаал өлкөгө чет элдик инвестиция тартуу жана алга жылдыруу үчүн жооптуу мамлекеттик структуралар үчүн да оңой эмес.

Кыргызстанда бул милдет КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикке жүктөлгөн. Азыркы шартта Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик инвестицияларды тартуу жана алга жылдыруунун эл аралык тажрыйбаларын эске алып, башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбаларына ыкмаларын изилдеп үйрөнүүдө.

Ошентип, Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү” GIZ программасынын колдоосу астында Ирландиялык эл аралык эксперт Патрик Дали Кыргызстанга келип 14-15 -майда инвестицияларды тартуу жана алга жылдыруу жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбалар боюнча окуу семинарын өттү.

Бул эксперт инвестицияларды алга жылдыруу, чакан жана орто бизнести колдоо, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө сооданы жана экспортту алга жылдыруу (мисалы, Ирландия, Франция, Македония, Молдова, Албания,Түштүк-Чыгыш Азия жана башка мамлекеттерде) жаатында 25-жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ.

Ушул семинардын жүрүшүндө катышуучулар- КР Өкмөтүнүн Нарын, Жалал-Абад, жана Ош облустарындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү инвестиция тартуу жана алга жылдыруу жаатындагы негизги маселелерди, анын ичинде инвестицияларды алга жылдыруу боюнча стратегияны түзүү, сектордук жана сектор ичиндеги сунуштарды даярдоо боюнча маселелерди карап чыгып талкууга алышты

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу