Казакстан Республикасы тарабынан тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын аткаруу зарылчылыгы жөнүндө ЕЭК Коллегиясы кабыл алган чечим тууралуу

Новости
15-Май 2016-ж.
2146

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунун иштөө алкагында боюнча Казакстан Республикасы тарабынан регенерациялануучу кагазды жана картонду макулатураны жана таштандыларды ташып алып өтүүнүн тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын аткаруу зарылчылыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кабыл алган чечими жөнүндө билдирет.

ЕЭК нын аянтчасында жыл башынан бери жүргүзүлүп келе жаткан эки тараптуу кыргыз-казак жана көп тараптуу консультациялардын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майында №42 «Казакстан Республикасы тарабынан регенерациялануучу кагазды жана картонду макулатураны жана таштандыларды ташып алып өтүүнүн тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын аткаруу зарылчылыгы жөнүндө” чечими кабыл алынды .

Бул чечимге ылайык, ЕАЭБ тин ички рыногунун иштөө алкагында Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү (код 4707 ТН ВЭД ЕАЭС) регенерациялануучу кагазды жана картонду макулатураны жана таштандыларды эркин ташууну камсыз кылуу максатында , Казакстан Республикасына ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимдин 28-статьясынын 3-пунктун аткаруу жана Казакстан Республикасынын 2004-жылдын 27-августундагы №908 токтомун ага шайкеш келтирүү зарылчылыгы жөнүндө билдирүү чыгарылган.

Эскерте кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ дин ички аймагында товарлардын эркин жүгүртүлүүсүн камсыз кылуучу бирдиктүү рынок иштеген ЕАЭБ ге кошулуусу менен, Кыргыз Республикасынын кагазды кайра иштетүүчү ишканалары Казакстандан келүүчү сырьену тоскоолдуксуз алууга ишеним арткан.

Ошону менен бирге, Казакстандан келүүчү регенерациялануучу кагаз жана картон, макулатура Казакстандагы көрсөтүлгөн товарларга карата киргизилген тыюу салууларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын аймагына кирбей калуусу мүмкүн.

Бул чара ата-мекендик кайра иштетүүчү ишканалар үчүн зарыл болгон сырьенун жеткиликтүүлүгүн чектейт. Ушуга байланыштуу кыргыз тарабы тарабынан биримдик Келишимдин алкагында казак тарабы өзүнө алган милдеттенмесин сактоо зарылчылыгы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Коллегиянын чечими менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө ушул Чечимдин күчүнө кирген датадан баштап, 10-календардык күн аралыгында ЕЭК ке кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымат берүү сунушу берилген

Бул Чечим расмий жарыялангандан 30-календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

https://docs.eaeunion.org/docs/ru-ru/01410209/clcd_12052016_42

http://www.eurasiancommission.org/ru/nae/news/Pages/11-05-2016-3.aspx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу