Экономика министрлигинде “7Clicks” уюлдук тиркемесинин презентациясы болот

Новости
15-Май 2016-ж.
1998

Ушул жылдын 17-майында Экономика министрлигинин Чоң залында КР экономика министринин орун басары, Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуу ассоциациясынын төрагасы, «СЕНТИ» Финансы компаниясынын аткаруучу директору жана «Чаа» Өнүктүрүү компаниясы” ЖЧК нын Башкармалыгынын Төрагасынын катышуусунда 7Clicks” уюлдук тиркемесинин презентациясы болуп өттү.

7Clicks” уюлдук тиркемеси төмөнкүлөр боюнча акысыз тейлөө көрсөтөт:

-кызмат көрсөтүүчү жактар (уюмдар, жеке жактар) көрсөтүп жаткан кызматтары жөнүндө маалыматты акысыз жайгаштыра алышат –жеке жактарга жана компанияларга кардарларды табууга жардам берет;

- кардарлар үчүн өз смартфондорунда белгилүү бир даректеги көрсөтүлө турган кызмат жөнүндө маалыматты тез жана ыңгайлуу табууга керектүү компанияны же жеке жакты табууга шарт түзүлөт;

-мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге, ошондой эле башка коомдук уюмдарга маалыматтык жактан жеткиликтүү боло алат. Ошентип, өлкөдөгү көрсөтүлүп жаткан бардык кызматтар 7Clicks”уюлдук тиркемесинде орун алат.

- кызмат көрсөтүүчү компаниялар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар жана ишкерлер, искусство адамдары же башка бардык жактар акысыз жана заманбап дизайн менен өздөрү көрсөтүүчү кызматтар жөнүндө маалыматты бир тиркемеге жайгаштыра алышат.

Колдонуучулар үчүн:

-бардык кызмат көрсөтүүлөр бир тиркемеде- маалымат алуу үчүн гугл, же башка электрондук же басма булактарга кайрылуунун зарылчылыгы жок, убакыт үнөмдөлөт, энергия менен ресурс үнөмдөлөт.

-заманбап маалыматтарды алууга болот: сүрөттөрүн көрүүгө, сүрөттөлүүсүн окууга, эгер электрондук дареги болсо, тиркеме боюнча чалууга, эгер сайты болсо браузер аркылуу сайтка кирүүгө мүмкүнчүлүк болот.

-мындан тышкары, шаарлар же райондор боюнча жайгашкан жерин тандоого мүмкүн.

-эң ыңгайлуу талдоочу: категориялар боюнча, ошондой эле белгилүү бир райондо же шаарда жайгашкан орду боюнча табууга мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу