Экономика министрлиги кумар долбоорун мыйзамдаштырууну токтотту

Новости
16-Май 2016-ж.
1982

Кумар оюн ишине түз чет элдик инвестицияларды тартууну караштырган долбоорду ишке ашыруу максатында, «оюн-зоок- кумар оюн комплексин камтыган атайын эл аралык соода-көргөзмө борбору жөнүндө» жана «Кумар оюн иши маселеси боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамга, Кылмыш-жаза, Салык жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекстерге, «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» Мыйзамга) мыйзам долбоорлорун жактыруу тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтом долбоору демилгеленген.

Аталган мыйзам долбоорунда мейманкана, дүкөн, жыйындар залдары, көргөзмө жана соода жайлары, кумар оюндарынын кызматы чет өлкөлүктөр үчүн гана көрсөтүлүп, оюн комплексинин курулушу каралган. Пландаштырылган долбоор Бишкектен 26 км аралыкта «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында жайгашып, курулуш иштери 30 гектар жерди ээлейт. Аталган курулушка тийиштүү каражаттар толугу менен каралган.

Жогорудагы мыйзам долбоорду жайылтуу жана коомдук талкуунун натыйжалары, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдын 22-беренесине ылайык», долбоор коомдук макулдукка ээ боло элек.

Андыктан, аталган долбоор боюнча депутаттык корпус, министрликтер, саясатчылардан терс пикирлер көп болгондуктан Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорду ишке ашырууну токтотту.

Анткени, мыйзам долбоордо көрсөтүлгөн аймакка кумар оюндары эмес, Кыргызстандын экономикасына салым кошо турган женил өнөр жайына ылайыктуу имараттарды курууну сунуштайт. Ошондуктан экономика министрлиги дагы жогорудагы мыйзам долбоорун ишке ашырууга толугу менен каршы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу