Туруктуу өнүгүү процессинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө

Новости
05-Май 2016-ж.
2107

2016-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде, министрдин орун басары Туратбек Джунушалиевдин , министрликтин башкармалыктарынын начальниктеринин БУУ нун тутумунун Агенттигинин Аткаруу кеңешинин жетекчилери жана мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү ( БУУ нун калкты жайгаштыруу фонду, Долбоорлорду тейлөө боюнча БУУ нун башкармалыгы, БУУ нун балдар фонду, БУУ нун аялдар структурасы, БУУ нун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы).

Бул жолугушуу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан активдүү демократиялык жана социалдык-экономикалык кайра жаралуулар, тынчтыкты бекемдөө, туруктуу өнүгүү приоритеттерин жактоо менен шартталган.

Министрдин орун басары Т.Джунушалиев министрликтин атынан БУУ нун тутумуна тыгыз кызматташтыгы жана өлкөнү туруктуу өнүгүү процесстерине тартууда глобалдуу кеңештери үчүн ыраазычылыгын билдирип кетти.

Туруктуу өнүгүү процессинин алкагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө кыскача маалымат берилди. Мамлекет башчынын саясий чечиминин деңгээлинде, туруктуу өнүгүүгө багыт алуу чечими кабыл алынып, Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңеш кабыл алынып, 2013-жылдан тарта Кыргызстанда 2017-жылга чейинки Улуттук стратегия кабыл алынды. Ошол жылдын аягында Парламент тарабынан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өнүгүүгө өтүүсү боюнча беш жылдык программасы кабыл алынып, туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген приоритеттерди алдыга жылдыруу боюнча башкаруу инструменти болуп калды.

Ошондой эле Т. Джунушалиев Кыргызстандын 2015-жылдан баштап 2030-жылга чейин, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына кошулгандыгын билдирди, жана Экономика министрлиги ТӨМ ишке ашыруу жана адаптациялоо үчүн башкаруу жана институционалдык дараметтин маселелери менен кошо

туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттарынын мазмунун талкуулоо боюнча региондук иш-чараларга активдүү катышкандыгын маалымдады.

Министрлик КР Премьер-министринин төрагалыгы алдында түзүлгөн ТӨМ мониторинг жана ишке ашыруу, адаптациялоо боюнча Координациялык комитеттин катчылыгы болуп , ошондой эле 2030-жылга чейинки узак мөөнөттүү өнүгүүнүн жаңы Концепциясын даярдоо үчүн аянтча болуп эсептелет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин мындан аркы иш багыттарынын айрым маселелери талкууланды, ошондой эле негизги министрликтер менен ведомстволордун дараметин жогорулатуу, улуттук приоритеттерди ишке ашырууну баалоо жана мониторинг системасын ишке киргизүүнү уюштуруу боюнча маселелер талкууга алынды.

.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу