2016-жылдагы дем алыш жана жумуш эмес күндөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн Өкмөттүн 2016-жылдын 10-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол коюлду.
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, беш күндүк график менен иштеген уюмдар, ишканалар жана мекемелер үчүн 3.4 –МАЙ жумушчу күнү 30-апрель менен 7-майга жылдырылат. Ошентип, 2016-жылдын 2-майдан 5-майга чейин дем алыш күндөрү деп белгиленди.