Кыргыз Республикасында сүт жана сүт продукцияларынын сапатын жана коопсуздугун контролдоо тутумун жакшыртуу боюнча

Новости
29-Апрель 2016-ж.
1964

2016-жылдын 29-апрелинде JICA долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте кызыкдар тараптар үчүн сүт жана сүт продуктыларынын сапатын жана коопсуздугун контролдоо боюнча Мастер-План иштеп чыгуу боюнча (мындан ары-Мастер- план) долбоорду ишке ашыруу жөнүндө аралык маалымат берүү боюнча семинар өткөрдү.

Долбоордун максаты Бажы биримдигинин Техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттерине жана башка мамлекеттерге сүт жана сүттөн жасалган продукцияны сатуу үчүн, продукциялардын өндүрүлүүсүн көзөмөлдөөнү камсыз кылуу менен сүт жана сүт продуктыларынын сапаты жана коопсуздугун контролдоо тутумун жакшыртуу боюнча Мастер-планды иштеп чыгуу.

Долбоордо мал багуунун гигиенасын жакшыртуу, аларды багууну жана азыктандырууну контролдо, каттоону жана идентификациялык маалыматтык-каттоо тутумун ишке киргизүү, саан уйлардын асыл тукумдуулугун арттыруу, азыктар менен камсыз кылуу тутумун түзүү, саандын гигиенасынын технологиясын жакшыртуу жана сүттү топтоо технологиясын жакшыртуу боюнча Планын бекитүү каралат.

Мастер-Пландын долбоору боюнча аралык маалымат JICA нын эксперттик командасы тарабынан даярдалган жана Саламаттык сактоо министрлигинин, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча кыргыз илим изилдөө институту, ЖОЖ жана бизнес-структуралардын өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык жумушчу топтун катышуусунда даярдалган.

Жумушчу топ төмөнкү багыттар боюнча иш алып барышты: саан уйларды идентификациялоо, саандын гигиенасын жакшыртуу, тамак-аш лабораторияларында сыноо жүргүзүүнүн сапатын жана коопсуздугун контролдоо, бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптары жөнүндө маалымат берүү жана аларды колдонуу боюнча консультация берүү.

Биргелешип жасалган иштердин натыйжасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тейлеген багыты боюнча орун басарларынын төрагалыгы астында, КР (JICA) Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрүнөн, КР Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчысы, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары, КР айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, КР Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Ооруларды алдын ала дарылоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен Координациялык комитет тарабынан берилип, жактырылган алгачкы жана аралык отчеттер даярдалды.

Бардык суроолор боюнча почта: atataku2007@mail.ru, 0772155055 тел боюнча долбоордун ассисенти Атанов Тынчтыкка кайрылууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу