Техникалык жөнгө салуу жаатындагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын видеоконференциясы

Новости
29-Апрель 2016-ж.
1846

Ушул жылдын 27-28-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Техникалык жөнгө салуу жаатындагы ЕАЭБ ге мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын видеоконференция форматындагы жыйыны болуп өттү.

Өлчөө бирдигин камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясат жүргүзүү жөнүндө Протоколдун 9-пунктун ишке ашыруу максатында ЕЭК төмөнкү документтерди иштеп чыкты:

-Өлчөө каражаттарынын түрлөрүн бекитүү тартиби;

-Стандарттык үлгүлөрдү бекитүү тартиби;

-Өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу тартиби;

-Өлчөө бирдигин камсыз кылуу боюнча иштердин жыйынтыгын өз ара таануу тартиби;

Кеңешмеде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин долбоорлору талкууланды.

Евразия Комиссиясынын Коллегиясы бул документтерди бекиткенден жана мындан ары бул документтер күчүнө киргенден кийин, ЕАЭБ дин аймагындагы мүчө-мамлекеттердин өлчөө каражаттарын өндүрүүчүлөрүнө өлчөө бирдигин камсыздоо боюнча жасалган иштердин жыйынтыгын өз ара таануу жеңилдетилет.

Кеңешменин жүрүшүндө КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташатыруу жана метрология борборунун өкүлдөрү жана Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын адистери катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу